Шашылыш кабар:

Футбол 2018: Жарым финалда ойной турган командалар белгилүү болду

Июль 8th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Футбол 2018: Жарым финалда ойной турган командалар белгилүү болду
Дүйнө кабарлары
0

7-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештери жыйынтыкталды. Чейрек финалда Швеция менен Англия жана Орусия менен Хорватия курамаларынын беттеши орун алды.

Англия менен Швеция курамаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталды. Ал эми беттештин башкы калысы голландиялык Бьорн Кейперс болду.

Англия курамасы оюн башталганда эле артыкчылык көрсөтүп, 29-мүнөттө Харри Магуайер бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттап гол киргизгенге жетишти.

Ошентип оюндун биринчи бөлүгү 1:0 эсеби менен аяктады.

Беттештин экинчи бөлүгү башталып, 12-мүнөткө жеткенде Деле Алли Лингарддын чыгарып берүүсүнөн кийин башы менен гол киргизип эсепти 2:0 кылды.

Беттештин негизги убактысы аягына жетип, калыс 5 мүнөт кошуп берди. Бирок, эсеп жаңыланган жок. Жыйынтыгында Англия курамасы жарым финалга жолдомо алды.

Ал эми Орусия менен Хорватиянын курамалары Бишкек убактысы менен түнкү саат 24тө беттешти.

Оюндун 31-мүнөтүндө Денис Черышев алыстан таамай сокку узатып, эсепти ачты. 9 мүнөт өтпөй Крамарич эсепти теңеди.

Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, 15 мүнөттөн эки жолу кошумча убакыт берилди.

Кошумча убакыттын биринчи бөлүгүн Хорватия татыктуу пайдаланып, Субашич эсепти 2:1 кылды.

Экинчи 15 мүнөттүк старт алып, Марио Фернандес эсепти теңеди!

Убакыт соңуна келип, пенальтилер сериясы башталды. Анын жыйынтыгында, 4:3 эсеби менен Хорватия жарым финалга чыкты.

Ошентип жарым финалга Франция, Бельгия, Англия жана Хорватия курамалары озуп чыкты.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache