Шашылыш кабар:

Мамбетова жүндөн жасаган буюмдары менен кыргызды дүйнөгө таанытууда

Мамбетова жүндөн жасаган буюмдары менен кыргызды дүйнөгө таанытууда
Коом
0

«Өнөрлүү өлбөйт», «Эл ичи — өнөр кенчи» деп кыргыз эли бекеринен айтпаса керек. “Портрет” программасынын бул чыгарылышында жогоруда айтылган макалдын чындыгын далилдеген, кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, учур талабына жараша эл аралык деңгээлде өркүндөткөн каарман тууралуу кеп кылабыз.


Бурул Мамбетова — Чүй облустук кол өнөрчүлөр кеңешинин жетекчиси. Ал бүгүнкү күндө жүндөн оюнчук, сувенир, кийимдерди жасап, чел элдик кардарлардын дагы табитин тапкан. Жасаган буюмдарын тойлордо жана башка жакшылыктарда белек катары пайдалангандар да бар.

1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна карштуу Биринчи май айылында төрөлүп өскөн каарманыбыз көркөм графика боюнча жогорку билимге ээ болуп, эмгек жолун Түп райрнунун Токтоян айылындагы мектептен баштаган. 20 жылдын аралыгында окуучуларга эмгек, чийүү жана сүрөт предметтери боюнча сабак берген. Ал эми 2000-жылдан тарта “Швецардык тоо программасынын” алкагында Бишкек шаарына көчүп келген.

Бурул Мамбетова төрт баланын апасы. Ал балдары менен кошо бир туугандары да кол өнөрчүлүк менен киреше таап жатканын белгиледи.

— 2002-жылдан тарта долбоордо үйрөнгөндөрүмдү башкалар менен бөлүшүп, жалгыз эле Кыргызстан боюнча эмес, Орто Азия боюнча тренер катары сабак бере баштадым. Менин 8 чет элдик тренерим бар. Ишибизди кантип алдыга жылдырабыз деп, ар кайсыл долбоорлордун негизинде өмүр бою окуп келдим. Балдарым кол өнөрчүлүктүн арты менен окуп, билим алышты. Деги эле, кыргыз канчалык кыйынчылыкка туш келбесин, көп нерседен кол өнөрчүлүктүн арты менен чыгып кетти. Сыймыктанам, кол өнөчүлүк — ата-бабалардан бизге калган белек. Бул өнөрдү, чоң энемден, өзүмдүн энемден үйрөндүм. Андан сырткары, айылда көптөшүп шырдакты бат эле шырып койчубуз. Азыркы тапта менин иштерим билек менен баса кала турган же тепкилей турган жумуш эмес. Бул алакандын күчү менен жасала турган иш.

 

Чет өлкөлүк тренерлерден алгач дары чөптөрдөн боёк чыгаруу, жука кийиздерди жасоону өздөштүргөн. Бурул айым Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп материалга жүндү отургузууну үйрөнгөн. Ошол эле учурда “Швецардык тоо программасынын” алкагында Кочкор шаарына “Уютку” аталышында жүн иштетүүчү ишканы түптөгөн. Тилекке каршы ишкана жаңы гана иштей баштаганда каарманыбыз жол кырсыгана кабылып, окутууларга толук катыша албай калган. Мындан улам “Уюткуну” жабууга туура келет.

Бирок кийинчерээк Беш-Күңгөй айылына “Сыйкырдуу кийиз” ЖЧКсын ачкан. Натыйжада көптөгөн маданият кызматкерлеринен, чет элдик жарандардан түшкөн буйрутмалардын үстүндө иштей баштаган.

“Швецардык тоо программасы” долбоору бүтүп бара жатканда алар “Германияга барып иштеп келесиңби же Кыргызстанга ишкана ачалыбы” деп сурап калышты. Кыргызстан кыйналып турган учурда Германияга кетүүнү туура көрбөй, элге үйрөтүүнү туура көрдүм. Ошол максатта Беш-Күңгөй айылына кичинекей ишкана ачып, элдерди иштете баштадык. Ошол эле учурда жүндү иштетүүнү үйрөткөнбүз. Көптөгөн адамдар келип, иш менен камсыз болуп, чет элдиктерден дагы буйрутмаларды ала баштадык. Азыр жүндөн жасалган буюмдар бааланып жатпайбы, ошондуктан чет өлкөнүн жарандары дагы көбүрөөк кызыгат. Буюртмалардын бары ишканадан жасалат.

Быйыл чийдин ордуна бамбукту колдондум. Бул зер жумуш, анткени аны жасоодо ичке нерсени ороп отуруп, сүрөттөрдү чыгарышат. Ошентип чий согуп жатабыз. Андан ырткары жибектин бетине сүрөттөрдү түшүрөбүз. Анын атайын боёгу болот. Сүрөттү тартып, шашылыш учурда бирөөгө белек кылса жакшы. Жука кийизге жүндөн сүрөт түшүргөндүн дагы түрлөрү бар. Мен ал үчүн атайын жүндү сатып келип боёбоймун. Ишканадан түшкөн майда-чүйдө жүндөрдү колдонобуз. Мында миллиондогон түстөр бар. Койдун уяң жүндөрү керектелет. Кылчык жүндү көп пайдаланбайбыз анткени кийимге катуураак болуп калат.

Бурул Мамбетова 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чакыруусу менен аталган окуу жайга келип эмгектенип баштайт. 15 жылдан бери бир катар окуу жайлардын студенттерине дипломдук жетекчи болуп, аларды чет элдик көргөзмөлөргө катыштырып, тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Мындан сырткары, түрдүү долбоорлордун негизинде 5 миңден ашуун адамга масстер калсс да өтөт.

— Келген студенттерге мыкты үйрөтүүгө аракет кылам. “Мунун алы жетпей калды, жасабай эле койсун” деген нерсе жок. Көп жылдардан бери студенттерди окутуп келгендиктен баарын эстеп кала албайм. “Биздин эжейибиз” деп эстеп калышса сыймыктанып калам. Эми сапатты талап кылгандыктан чет жака чыга албай өзүбүз кыйналып калып жатабыз. Буга чейин 3 жолу ЮНЕСКОнун сапат белгисин алгам. Табигый боёкторду сурап калганда гана колдонобуз. А, негизинен Германия менен Түркиянын боёктору колдонулат. Боёлгон жүндөрдүн өңү чыгып кетет. Ошондуктан ак жүн алып, өзүбүз боёгонго аракет кылабыз.

Моюн орогуч жасагандан калган кесиндилерди картиналарды жасоого пайдаланабыз. Эч нерсе калбайт. Буюртмага жараша ала кийиз түрүндө жабык баштарды жасадык. “Дасмиянын”, “Супаранын” бир топ жерин кооздодук. Долбоорлор менен иштеп жүргөн учурда чет элдик буюртма менен боз үйлөрдү жасадык. Эмнеге болбосун деп, балдар үчүн оюнчуктарды да жасай баштадык. Ал оюнчуктар жүндөн жасалгандыктан экологиялык жактан таза, эч кандай жыт бөлүп чыгарбайт, аллергиялык оорулады козгобойт. Жууп койсо кайра мурдагы калыбына келип калат. Уулуу заты көп оюнчуктарга карагада биз жасагандар пайдалуу.

Андан сырткары алманы Алматанын техникалык университетине дагы үйрөттүм. Мурда алманын ичин жүн менен толтурчубуз, азыр анын ордуна поролон колдонуп жатабыз. Мен ойлоп тапкан нерсени башкалар жасап жатса “кокуй, меникин жасап жатат” дебейм. Колунан келеби, жасай беришсин. Кыргыздын барында болсо, менде да болот… Бул менин негизги эрежелериндин бири.

Жүн менен буюм жасоо кылдат мамилени талап кылат. Нукура кол өнөрчүлук менен иштешген адамдар кеңпейил болушу керектигин айткан Бурул Мамбетова, ырчылардын арасындагыдай атаандаштык кол өнөрчүлөр арасында дагы кездешерин айтат.

— Жасаган буюм “жакшы болсо экен” деп жүрөгүңдүн, колуңдун жылуулугун берип иштейсиң. Нукура кол өнөрчүлүк менен иштеген адамдардын ичи тар болбошу керек. Ырчылардын арасындагыдай атаандаштык, көрө албастыктар биздин арабызда дагы бар. Мен канчалык жулунсам да жасап жаткан буюмдардан мага өлчөнгөн насип берилет. Пейил кенен болсо көп нерсеге жетсе болот.

Кийиз, жүндү пайдаланып асем буюмдарын, кийимдерди жасагандар аз эмес. Бурул айым бул жагынан «атаандаштыктан коркпойм» дейт. Анткени кардарлар бардык нерсенин сапаттуусун тандап алаарына ишенет.

— Мен атаандаштыктан корпойм. Анткени барыбир бир тепкич өйдө жүрөм. Жылына бир нерсени ойлоп таап, кете берем. Атаандаштык деп “меникин көрбөсүн” деп тосуп отурган дагы болбойт. Себеби эл өнүгүшү зарыл. Туюк, тигиши жок кийимдерди тигип чыгара баштаганда 2006-жылы “Оймо” фестивалынында көргөзмөдөн соң көйнөктөрдү дароо эле немистер алып кетти. Биринчи кардарлар ошол жерден чыкты.

Жатып-жатып, 5-6 жылдан кийин дагы сатылган буюмдар болот. Анткени буюмдан ээси келет. Бирөөнүн товары жакшы өтүп жатат деп ичкүйдүлүк кылуу менин мүнөзүмө жат көрүнүш. Мага “сен үйрөтүп ийдиң” деп айтышат. Бирок ар кимдин өзүнүн кол жазмасы бар. Ишканамды кеңейтип, байып кетейин дегенден алысмын. Кыргызстандын келечеги өсүп-өнүгүшү керек. Башкы максатым – жаштарга билген нерсемди үйрөтүп, таштап кетүү.

Каникул болуп, студенттер эс алууга тарап кетсе да Бурул айымдын жумуштары кызуу уланып жаткан чагы экен. Алдыда бир топ сынак жана көргөзмөлөр күтүп жатканын биз менен бөлүштү.

— Кичинекей балдарга жүндөн боюм жасоонү үйрөтүү боюнча айыл жерлеринде жайлоолорго чакырып жатышат. Андан сырткары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жарыяланга конкурска катышабыз деп турабыз. Октябрь айында чоң көргөзмө ачып, студенттер жасаган эмгектерди көрсөтүүнү пландап жатабыз. Жүн, кыргыз элинин оймо-чиймелери боюнча октябрь айында Туркияда өтө турган эл аралык симпозиумга барам. Учурда докладдарды дайындап, иш-чарага даярданып жатам. Андан сырткары, быйылкы бүткөн студенттерим Түркиянын Бурса шаарына фестивалга барышат. Ал жакта дагы кыргыздын улуттук маданиятын көрсөтүп келишет.

Кошумчалай кетсек, Бурул Мамбетова бир топ кароо сынаактардын жеңүүчүсү аталып, Орто Азия мамлекеттеринин арасында, Түркия, Франция, Шотландия, Москва жана башка бир катар өлкөлөрдө өткөн фестивалдарда артыкчылык дипломун колго алган. Ошондой эле 1994-жылы  «Эл агартуунун отличниги» болгон. Ал эми 2017-жылы  «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache