Шашылыш кабар:

Футбол-2018: Франция менен Белгия жарым финалга чыкты

Июль 7th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Футбол-2018: Франция менен Белгия жарым финалга чыкты
Кыска кабар
0

Франция жана Белгиянын курама командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыкты.

Кечээ, 6-июлда өткөн оюнда Франция 2:0 эсебинде Уругвайды жеңди. Оюнда Рафаэль Варан жана Антуан Гризманн өзгөчөлөндү.

Ал эми Бельгия курама командасы Бразилияны 2:1 эсеп менен  утуп алды. Бельгиянын командасынан Кевин Де Брейне, ал эми бразилиялыктардан Фернандиньо (өзүнүн дарбазасына) жана Ренато Аугусто гол киргизген.

Белгилей кетсек, саналуу күндөрдөн кийин Франция менен Бельгия финал үчүн беттешет. Бүгүн, 7-июлда болсо чейрек финалда эки оюн болот. Алар Швеция-Англия жана Россия-Хорватия.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache