Шашылыш кабар:

Сот «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун эки отчётун экстремисттик деп тапты

Сот «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун эки отчётун экстремисттик деп тапты
Коом
0

Бишкектин Октябрь райондук соту  «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун эки отчётун экстремисттик деп тапты. Буга уюмдун жетекчилиги  нааразылыгын билдирип чыкты.

Кыргызстанда адам укуктарын коргогон «Бир дүйнө — Кыргызстан» бейөкмөт уюму экстремисттик деп табылды. Бул тууралуу Жогорку соттон басма сөз катчы Сюита Соурбаева  кабарлады. Чечим 2017-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылган жана буга нааразы болгон тараптын арызын райондук сот канаттандыраарлык эмес деп тапкан жана чечимди  күчүндө калтырган.

Бир дүйнө Кыргызстан» уюму боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда  2017-жылдын 5-январында чечим кабыл алынган. Ошол боюнча уюмдан кайрылуу келип түшкөн эмес. Жыйынтыгында иштин мөөнөтү өтүп кеткен. Кайра бул иштин мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча арыз жазылган кезде, Бишкек шаардык соту мурунку чыгарылган чечимди күчүндө калтырган. Бул иш 5-июлда каралган.

Бишкек шаардык соту күчүндө калтырганын  укук коргоо уюмдары биргелешип иштеген эки отчётту экстремисттик деп тапканына «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму нааразылык билдирип жатат. Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова  соттун чечимин капыстан мониторинг жүргүзгөн учурда билип калганын, сотко уюм өкүлдөрү чакырылган эместигин жана чечим алардын катышуусусуз кабыл алынганын айтууда.

Биздин уюм Адилет министрлигинде болуп калат деп ойлогон эмеспиз. Миграция боюнча эксперт 2017-жылы жасаган ишибизге анализ жүргүзгөн учурда биздин уюм 26-болуп тизмеде жазылып калганын көргөн. Ал жерде биздин уюмдун отчёту жана шериктеш уюмдар жазылган. Ал жерде  баардык иштерди  чаташтырышып, бизге тийиштүү эмести дагы кошуп эки отчётту экстремисттик деп табышты. Аны укук коргоо  органдары жана жергиликтүү сот чечкен.  

Экстремисттик деп табылган эки отчёттун бири 2015-жылы Орусиянын «Мемориал» укук коргоо уюму менен мигранттардын укугун коргоо боюнча даярдалган. Өзгөчө басым, Орусия жана Казакстанда жүргөн кыргыз мигранттардын социалдык камсыздандыруу жана эмгегин коргоо болгон.

Мында камтылган  материалдар  боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайтарган болчу.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында адам укуктарын коргогон бир канча бейөкмөт уюмдар бар. Алар калктын төмөнкү  катмарында жашаган жарандардын укуктарын коргойм деп, тымызын чет өлкө акчасын берген кыймылдын же өлкөнүн тыңчысына айланганын  активист Алга Кылыч белгилейт. Ошондуктан соттун  бул чечимин колдоого алып жатат.

Бул демократияны бетине жамынып алышып, азыркы күндө Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн уюмдар болобу же диний секталарбы  баары мамлекет тараптан көзөмөлдөнүп турушу керек. Бул  учур талабы. Адам укугун коргойбуз деген ураандын артына жашынып алып, бүгүнкү күнү башка уюмдардын камчысын чабышы мүмкүн. Ошондуктан тийиштүү органдар тараптан тыкыр көзөмөлгө алынып турушу керек. Бул багытта мен соттун чыгарган чечимин колдойм.  

Дүйнөдө террористтик жана экстремисттик топтор ордун которуп келатканын коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков айтат. Алар ар түрдүү жолдор менен кулачын жайып  баратат. Ошол эле бейөкмөт уюмдар аркылуу  кириши мүмкүн. Мындай топтор  Борбордук Азияга дагы бет алууда. Ошондуктан Кыргызстанга дагы коркунучу бар деп буларга токтолду.

Ачыгын айтыш керек Жакынкы Чыгышта болуп жаткан орчундуу маселелердин баардыгы Борбордук  Азияга которулуп кетти. Афганистандын бир канча провинциясында бейөкмөт уюмдарды жамынып алып каршылык көрсөткөн жагдайлар болуп жатпайбы. Мунун Борбор Азия анын ичинде Кыргызстанга коркунучу бар болушу мүмкүн.

Эми «Бир дүйнө — Кыргызстан»  уюму  Бишкек шаардык соттун чечимине нааразычылыгын билдирип, муну мыйзам бузуу катары баалап, Жогорку сотко кайрылганы турат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache