Шашылыш кабар:

Ысыктан кантип туура сактанса болот?

Ысыктан кантип туура сактанса болот?
Коом
0

Эс алуу күндөрү абанын табы 42 градуска чейин көтөрүлөөрү күтүлүп жатат. Адистер мындай жогорку температура жүрөк, кан тамыр, бөйрөк жана башка оорулар менен жабыркагандарга кооптуу экенин эскертип, туура тамактанууга чакырат. Ошондой эле сууга түшүүдөн абайлап, салкын жерде эс алуу керектигин эскертишет.



Кыргызгидромет борбору Кыргызстанда 7-9-июль күндөрү абанын түнкү температурасы 25 градуска жетип, күндүз өрөөндөрдө 37-42 градуска чейин  көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертет. Ал эми шаар тургундары аптаптуу күндөн кандай сактануу керектигин билеби? Кызыгып сурап көрдүк.

— Кан басымым туруктуу эмес. Андыктан көчөгө чыкпай көлөкөдө отурам. Кашка-Сууга барып бир-эки күн эс алып келсемби деп ойлоп жатам. 

— Көчөдө көп жүргөндүктөн кийген кийимге көбүрөөк көңүл бурам. Ошондуктан ак түстөгү кийимдерге басым жасап жатам. 

— Ысыктан сактанганда мен баш кийим кийип жүрөм. Өзүм көлөкө жерде иштегендиктен көп деле байкалбайт мага.

— Мен Сауд Аравияда жүрүп келгенмин. Азыркы ысык «ысык» деп деле саналбайт. Ал жерде абанын температурасы 52-53 градуска чейин көтөрүлчү. Эми Кыргызстандын шартында ысыктан сактануу зарыл. Бир нече күнгө жайлоого барып келем.

Ысык күндөр жаш балдарга жана улгайган кишилер үчүн кооптуу. Аларды ысыктан сактоого эки эсе маани берүү зарыл. Аптаптуу күндөрү көп сууга түшкөнгө болбой турганын терапевт Людмила Байматова билдирди.

Дарыгер белгилегендей, абанын табы көтөрүлгөндө оор жумуштарды жасоо жүрөккө терс таасирин тийгизет. Андыктан таңкы жана кечки салкында гана талаа жумуштарын жасаган оң.

— Ысыкта организм кургап, витаминдер азаят. Ошол себептен сууну мөмө-жемиштер менен алмаштырган оң. Бадыраң, помидор, дарбыз, шабдаалы сыяктуу мөмө-жемиштер суусунуңузду кандырып, организмди керектүү витаминдер менен толуктайт. Көк чай, суу, чалап сыяктуу суусундуктарды көп ичүү зарыл. Дене табы көтөрүлгөндөр колу-бутун муздак сууга жуусун.  Алыс жолго чыкканда унаанын терезесин ачып койгон болбойт, жүргүнчүлөр шамалдап, суук тийип калышы мүмкүн. Анын ордуна бирдей температурада кондиционер колдонуу сунушталат. Уктаарда терезени ачып жатканга болбойт. Бирок коңшу бөлмөгө кондиционер, желдеткич коюп, эшигин ачып койсо болот. 

Ысыкта майлуу тамактарды, эт, балды колдонуудан алыс болуу зарыл. Анткени бул азыктар дененин температурасын андан да жогорулатат. Медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог Абдимиталип Халматов билдиргендей күн ысыганда жүрөк, кан тамыр оорусу менен жабыркагандар мүмкүн болсо сыртка азыраак чыкканы жакшы.

Мындан сырткары, ичип жүргөн дарыларынын көлөмүн дарыгерлердин кеңеши менен азайтышы керек. Анткени күн ысыганда адамдын кан басым төмөндөп кетет.

— Оор абалдагы жүрөк оорулуулар көп суу ичкенден карманышсын. Көчөдө жүргөндө калпак кийип же жоолук салынып, башын күндөн сакташканы жакшы. Ошондой эле пахта кездемеден жасалган кийимдерди кийишсе, абаны жакшы алмаштырат. Күчтүү тамактарды жегенден алыс болуу сунушталат.

Жайкысын суусундук ичүү да өзгөчө мааниге ээ. Анткени адам организми ысыганда сууну тер аркылуу бөлүп чыгарат. Анын ордун толуктоо үчүн күн сайын кеминде 2 литрдей суу ичүү зарыл. Бирок бөйрөк ооруларынан жапа чеккендер ашыкча суюктук ичүүдөн абайлашы керектигин гастроэнтеролог Алтынай Акматова эскертти.

Анын айтымында, көпчүлүк учурда кайнатылган жана бууга бышырылган тамактарды колонуу сунушталат. Күндүн ысып, дененин табы жогорулап турган учурда балмуздак жегенге болбойт. Себеби сасык тумоо пайда болуп, ангинасы барларга дароо таасир берет.

— Бир ичкенде 1 литр сууну жутуп албай, аз-аздан бат-бат ичип туруу зарыл. Таттуу суусундуктар чаңкоону кетирбейт. Тескерисинче кайра суусатат. Мындан улам газдалган сууну көлөмүнөн ашык түгөтүү ашказанга зыян. Бат бузулган, тез даярдалган тамактарды жеген сунушталбайт. Анткени күн ысык болгондо көчөдө сатылган тамактарды эрежеси менен сактоо кыйынга турат. 

Кошумчалай кетсек, көпчүлүк адамдар ысыкта жеңи ачык, кыска көйнөктөрдү кийип алышат. Мындай шартта адам салкын жүргөнү менен денеси күндүн зыян нурларынан сакталбайт. Андыктан синтетика аралашпаган, жеңи, этеги узун денеге жабышып турбаган узун көйнөк кийүү эң туура экенин адистер белгилейт.

Ал эми бөлмөнү салкын сактоо үчүн металлдан жасалган үй аксессуарларын,  сувенир жана оюнчуктарды алып салуу сунушталат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache