Шашылыш кабар:

Кыргызстан-Армения: Эки өлкөдөгү коррупция менен күрөш

Кыргызстан-Армения: Эки өлкөдөгү коррупция менен күрөш
Саясат
0

Кыргыз коомчулугу Арменияда жана Кыргызстанда болуп жаткан коррупцияга каршы күрөштү салыштырышууда.

Пашинян: Кол тийгис адамдар болбойт

Армениянын Атайын тергөө кызматы экс-президент Роберт Кочерянды суракка алганы белгилүү болду. Кочерян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал 2008-жылдагы нааразычылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунда каза болгон 10 адамдын өлүмү боюнча азырынча «күбө» катары чакырылып жатат.

2008-жылы мурдагы өлкө башчысы Серж Саргсян президенттик шайлоодо жеңип чыгып, ага нааразы болгон эл менен күч кызматкерлеринин кагылышуусу кан төгүү менен аяктаган. Бул иш боюнча Армениянын мурдагы коргоо министри Микаэл Артюнанга айып тагылып, издөө жарыяланды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бийликке келгенден бери коррупция менен күрөшүү башталганын айтып, аны аягына чыгарууну убадалап келет. Ал 5-июлда Армениянын Конституция күнүндө Горис шаарында сүйлөп жатып, мындан ары «кол тийгис» адамдар болбой турганын айтты.

-Армениянын ээси – бул Армениянын эли. Премьер-министр жана башка чиновниктер элге кызмат кылат. Мына бул учурда бизде болгон өзгөрүү. Өзүңөрдүн жеңишиңерди эч качан коё бербегиле. Анткени маселенин баары ушундай жол менен гана чечилет. Сиздер силерге кызмат кылган бийликке ээ болууга акылуусуңар. Кландарга, коррупционерлер менен ууруларга кызмат кылчу бийликтин келишине жол бербегиле. Мындан ары Арменияда кол тийгис адамдар болбойт. Мени ким кылмыш жасаганы кызыктырбайт. Кандай гана кылмышкер болбосун жазасын алыш керек.

Армениядагы 2008-жылы болгон нааразычылык акцияларына Никол Пашинян өзү дагы катышкан. Кийин «башаламандыктарды уюштурууга» күнөөлүү деп табылып, 2010-жылы жети жылга кесилген. Бирок бир жылдан ашык убактан кийин эркиндикке чыккан.

Ал арада Армениянын Башкы прокуратурасы экс-президент Серж Саргсяндын жээни Айк Саргсянды «адам өлтүрүүгө аракет кылган» деген айып менен үйүн тинтүүгө алды. Муну менен катар эки бир тууганы Александр Саргсянга «мыйзамсыз курал сактаган», Левон Саргсянга «мыйзамсыз байыган» деген айып тагылып, өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Кыргызстанда абал кандай?

Арменияда болуп жаткан жемкорлук менен күрөш жана аткаминерлерге козголгон иштер Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга үндөш экенин айткандар бар. Коомчулукта дагы эки өлкөдөгү процесстерди салыштыргандар көп. Деген менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстанда жаңы бийлик жасап жаткан кадамдар өлкө кызыкчылыгы үчүн болуп жатканынан күмөн санайт.

— Башкы прокуратуранын, Атайын кызматтын, ИИМдин жетекчилери алмашканда калпактарын көккө ыргытып, эми мына чындык орнойт дешти. Мен ошондо айтпадымбы сен жөнөкөй, карапайым кыргыз эмнеге кубанасың? Бир гана маселе бар эгер ошол мекемелер башта кайсы бир кишинин кызыкчылыгы үчүн иштеп келсе, эми кайра башка кишинин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Силерге кандай айырмасы бар? «Мына эми баштады» дешет. Эмнени баштады? Тек гана ар ким өзүнө керектүү кишилерди алып келүү менен гана баштайт. Өзүнө жагымсыз кишилер менен күрөшүп, ага коррупция менен күрөш деген кыйкырыкты таштап коёт.

Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине өткөн жылдын ноябрь айында киришкен. Ал эми Жээнбеков өкмөттү жетектеп турганда биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын апрель айында премьер-министр болуп дайындалды.

«Эл жыйынтыкты күтүп жатат»

Коомчулук эми жаңы бийликтен көп нерсени күтүп жатат. Президент өзү дагы ал коррупция менен күрөштө дос, тууганына карабай турганын айтканы бар. Айрымдар Кыргызстанда жемкорлук менен күрөш жигердүү башталды деп эсептейт. Ага Бишкек ЖЭБи боюнча мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковдун, депутат Осмонбек Артыкбаев баш болгон 10дон ашык чиновниктин камакка алынышын мисал кылышат. «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «эл эми ачылган иштердин жыйынтыгын күтүп жатат», — дейт.

— Кыргызстанда чоң даражадагы чиновниктер камакка алынды. Бизде бул көнүмүш эле адат. Ал эми Арменияда жаңы этап башталып, Пашинян коррупция менен күрөшүп жатат. Буга чейин Армения авторитардык режимде жашап келген. Кыргызстанда болсо камоолор 2010-жылдан бери эле болуп келе жатат. Бизде азыр көбүнчө камоо эмес, камактагылар кандай жаза тартат жана чыгымдар кантип калыбына келет ушул маселе. 

Кыргызстанда мурда-кийин токтотулган кылмыш иштери кайрадан талданып, айрымдары жандандырылууда. Арменияда дагы ушундай эле иштер жүрүп жатат. Бирок кыргыз бийлиги Армениядан салыштырмалуу ыкчам, батыл реформаларга бара албай атат деген сын-дооматтар бар.

Социолог Самар Сыргабаев элдин Кыргызстан менен Арменияны салыштырып жатышын эки мамлекетте тең окшош иштер жүрүп жатканы менен байланыштырат. Ал эми ортодогу айырмачылык тууралуу буларга токтолду.

— Пашиняндын өзгөчөлүктөрү бар. Ал азыр жаш муун колдогон лидер, ошондой эле жаңы технологияны жакшы колдонуп жатат. Мисалы Фейсбук аркылуу түз байланыштарга чыгып, элге болгон кайтарым байланышты күчөтүүдө. Муну өкмөтүнөн дагы талап кылды. Кыргызстандан айырмаланып революция убагында өзүн колдогон жаш кадрларды алып келип, өкмөттүн курамын толугу менен алмаштырды. Мындай чечкиндүү кадамдар Пашинянга көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бизде болсо саясий элитанын табияты бир аз башкачараак болуп жатат.

Николь Пашинян Армениянын премьер-министрлигине май айында «баркыт революциясынын» аркасы менен келген. Социолог Самар Сыргабаев жарандар жай айында эс алуу жана башка иштер менен алек болуп, саясатка көп көңүл бура беришпээрин айтат. «Ал эми ушул мезгилде аткаминерлерге иш козгоп, аларды камакка алуу бийлик үчүн ыңгайлуу» дейт. Бирок жыл аягына чейин жыйынтыгын бербесе, элдин бийликке болгон ишеними төмөндөй баштайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache