Шашылыш кабар:

Мамлекеттик лабораторияларды жакшыртууга эмне тоскоолдук кылат?

Июль 6th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Мамлекеттик лабораторияларды жакшыртууга эмне тоскоолдук кылат?
Ден соолук
0

Буга чейин өлкөдөгү жеке менчик жана мамлекеттик лабораториялардын сапатын салыштыруу максатында атайы эксперимент жасалып, коомдо талкуу жараткан. Ошондой эле жакында эле интернет колдонуучулардын бири Бишкектеги жеке менчик лабораториянын чыгарган жыйынтыгына нааразы болгондугун жазган. Мындан улам биздин кабарчы бүгүнкү күндө жеке менчик лабораториялар кандай көзөмөлгө алынарына, бир эле бейтаптын анализи ар кандай жыйынтык менен чыгуусунун сыры эмнеде экенине кызыгып көрдү.


Интернет айдыңында жеке менчик лабораториялардын биринин чыгарган жыйынтыгына нааразы болгон билдирүү тараган. Анда бейтап лаборатория өмүрүнө чоң коркунуч алып келе турган жыйынтыкты чыгарганын жазган. Буга чейин да лабораториялардын сапатын билүү үчүн экс-министр Талантбек Батыралиев кан тапшырып сынап да көргөн. Андан кийин заранын ордуна чайды тапшырып, эксперимент жасагандар да болгон. Бирок ага карабай бүгүнкү күндө да нааразычылыктар болуп жаткандыгын мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бирдиктүү стандарттын жоктугу менен байланыштырат.

Жеке менчик лабораторияны ачкандар кетирген каражатын үнөмдөйүн деп, стандарттан качат. Маянасы аз лаборантты алат, анализди аныктай турган заттарды азайтат. Бирдиктүү стандарт жок болгондуктан ар кандай чыгып жатат.

Саны жагынан мамлекеттиктен аз болгону менен жеке менчик лабораторияларга ыктаган дарыгерлер  болгондугу чындык экенин айткан Талантбек Батыралиев бул көрүнүштү стандартташтыруу менен гана жоюуга болот дейт.

Республика боюнча бир референс лаборатория болуш керек. Эгерде нааразычылыктар туулуп же ар кандай жыйынтык көрсөтсө ошол жердин жыйынтыгы туура болот дегендей. Ал дүйнөлүк стандартка жараша болмок. Бирок ал министрликке же жеке бирөөгө көз каранды болбош керек. Муну ишке ашыруу жылдарды талап кылат.

Буга чейин эксперимент жасоо демилгесин көтөргөндүн катарында эл өкүлү Аида Исмаилова да бар. Иликтөө жүргүзүү учурунда мамлекеттик ооруканалардын ичинде жакшы жерлерден жеке менчик лабораторияларга орун берилип, мамлекеттик дартты аныктоочу жайлар жер төлөөдө болгондугуна күбө болгондугун айтат. Анын айтымында бүгүнкү күндө жеке менчик лабораториялардын үстөмдүк кылып жаткандыгына түзүлгөн келишимдер себеп. Анткени бейтаптарга жеке менчикке гана жолдомо берилиш керек.

Ооруканалардын ичинде жайгашкан жеке менчик лабораториялардын келишими боюнча келген бейтаптар бир гана ошол жактарга барыш керек экен. Келишимди карасаң анын мамлекеттик ооруканага бир да тыйын пайдасы тийбейт. Жакшы жерлерге жайгаштырылган. Ошентсе анан мамлекеттик артта калат да.

Мындан улам учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги борборлоштурулган лаборатория түзүү алкагында иштер алып барылып жаткандыгын лабораториялык диагностика боюнча штаттан тышкаркы башкы адис Элмира Түрменова айтат. Бул долбоор ишке ашса бейтап үчүн да жеңил болот.

Бүгүнкү күндө министрлик борборлоштурулган лаборатория түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мисалы бир борборлоштурулган лаборатория аймактык ооруканада ачылып, райондордон келген анализдер, борборлоштурулган лабораториядан текшерилет жана кайрадан интернет аркылуу жиберилет. Ошондо лабораториянын саны азайып, сапаты жогорулайт деп ишенебиз. Негизи биздин өлкө үчүн 20 мамлекеттик сапаттуу лаборатория болсо жетиштүү болмок.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 300дөй мамлекеттик жана 70ке жакын жеке менчик лаборатория бар. Жеке менчик лабораторияларга министрлик лицензия берет. Ал лиценция өмүр бою жарактуу болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache