Шашылыш кабар:

Роналду Италиянын «Ювентус» клубуна өтүүгө макул болду

Июль 6th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Роналду Италиянын «Ювентус» клубуна өтүүгө макул болду
Дүйнө кабарлары
0

«Реал Мадрид» клубу менен Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Италиянын «Ювентус» клубуна өтүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык футболчу жаңы команда менен күйөрмандарга ушул жумада тааныштырылат. Буга чейин айрым маалымат каражаттары «Ювентус» Роналдуну жайкы трансферде өзүнө алууга камынып жатканын жазышкан. Роналду макулдугун бергенден кийин «Реал Мадриддин» жетекчилиги футболчунун жардамчысы Жорж Мендеш менен жолуккан. Эми трансфер ишке ашыш үчүн Испания менен Италиянын клубдарынын ортосунда макулдашуу болушу керек.

Белгилей кетсек, Роналдунун бир жылдык айлыгы 30 миллион еврону түзөөрү айтылууда. Ал 2009-жылы «Манчестер Юнайтед» клубунан «Реалга» өткөн. Трансфердин баасы 93,4 миллион еврону түзгөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache