Шашылыш кабар:

Кыргызстанда дефолт коркунучу барбы?

Кыргызстанда дефолт коркунучу барбы?
Кыска кабар
0

Орусиянын эксперттери Кыргызстанда дефолт коркучуну бар деп  жарыялашты. Бул тууралуу  Орусиянын «Независимая» басылмасы жазды.  http://www.ng.ru/cis/2018-07-05/1_7260_kyrgyzstan.html

Буга негиз катары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин мамлекеттин карызын төлөө боюнча атайын эки  эсепти ачканы белгиленген.  Анын бирине коррупциялык иштерден түшкөн  каражаттан болсо, экинчиси тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган.

Орусиядагы «Чыгыш-Башыт стратегия» аналитикалык борборунун башкы директору  Дмитрий Орлов Кыргызстан тышкы карызын  толук төлөп бүтүү үчүн ар бир Кыргызстандыкка 800 доллардан туура келээрин жана  мындай сумманы ар бир эле Кыргызстандык төлөй албайт турганын айткан. Экинчиден мамлекетке түшөт делип жаткан атайын эсепке ишенимдүүлүк өтө төмөн деген пикрин айткан.

Ошондой эле Орлов Кыргызстан тышкы карызды жоюу үчүн атайын эсеп ачуунун зарылдыгы жок деп белгиленген.

«Ансыз дагы салык жыйнап,  тышкы карыз үчүн каражат бөлгөн  салык кызматын атаган. Азырынча бул эсепке каалоочулар гана акча которо алат. Бирок эксперт бул көрүнүш бара-бара мамлекеттик кызматта иштегендерге бир күндүк эмгек акысын котору сыяктуу мажбурлоо башталат

Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен коррупциядан түшкөн каражат үчүн ачылган экинчи эсеп боюнча дагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктешитиги институтунун экономисти  Аза Мигранян  пикирин билдирген. Коррупция менен күрөш  алсыз жүрүп жатат. Ошондуктан бул эсепке чоң суммалар түшөт дегенден алыс.

«Соңку 3-4 жылда Кыргызстандын тышкы каржылык көз карандылыгы жогорулады. Өзгөчө Кытайдан алынган насыялар өлкөнү оор кырдаалга кептеди. Алынган каражат Кыргызстандын бюджеттик кирешелерин жогорулата алган жок. Экономикалык реформалар өзгөрүүгө алып барган жок. Ишкерлерге жеңилдиктер түзүлүп берилген жок. Жеңил өнөр жай тармагы 2014-жылдагы абалда турат. Ошондуктан бул жерде жарандардын чөнтөгүнө кол салбай, мамлекет толук жоопкерчиликти алышы керек.   

Ушул жагдайлардан улам Кыргызстанда дефолт коркунучу бар деген.

P.S: Дефолт- бул белгиленген мөөнөттө каржылык милдеттердин аткарылбай калышы,  карызга батуу жана каржылык туруксуздук. »

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache