Шашылыш кабар:

Астана шаарынын 20 жылдыгы белгиленүүдө

Июль 6th, 2018 | by Бахар Хакимова
Астана шаарынын 20 жылдыгы белгиленүүдө
Дүйнө кабарлары
0

Бүгүн, 6-июлда Казакстандын борбору Астана шаарынын 20 жылдыгы белгиленүүдө.

Борбордо жергиликтүү жана чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң концерт өтмөкчү. Алардын катарында Кайрат Нуртас баштаган бир топ ырчылар жана «Формат» группасы бар. Мындан тышкары, түштүк кореялык Boyfriend тобу да келет. Ошондой эле «На-На» тобунун ырларын да угуу мүмкүнчүлүгү бар.

Майрамдын алкагында соода борборлорунун биринде 500 кг сламактагы торттон даам татуу сунушталат.

Астана шаарынын юбилейинин урматына калаада жаңы бала бакча, парк, веложол курулду. Ошондой эле ботаникалык бакта музыка коштолгон түрдүү түстөгү фонтан коюлуп, “Казак элине миң алкыш” аталышында монумент орнотулду.

Ушул эле күнү өлкө президенти Нурсултан Назарбаев 78 жашын куттуктоодо. Ошентип Казакстанда мамлекеттик майрам өтүп жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache