Шашылыш кабар:

Эргешов: Мыйзамсыз курулуштарга айып салууну колдойм

Эргешов: Мыйзамсыз курулуштарга айып салууну колдойм
Күн Чабыт
0

Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы шаарда мыйзамсыз салынган курулуштарды түрттүрүп гана тим болбостон, жеке жактарга 10 миң, юридикалык жактарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштап жатат. Бул тема боюнча Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Алмазбек Эргешовду кепке тарттык.

Марал: Мэриянын башаламан курулуштарды сүрдүрүп, кошумча айып салуу менен мыйзамсыз курулуштарды жок кылуу сунушуна кандай карайсыз?

Алмазбек Эргешов: Европа же дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө барсак бул жерде мыйзамды аябай сыйлайт экен деп суктанабыз. Бирок өзүбүздүн мамлекетте аны эч качан ишке ашырбайбыз. Эгер мыйзамда кайсы бир жерге курулуш кылууга тыюу салынса дагы ар ким каалаган жерине бир нерсе сала берсе ал мыйзам бузуу. Мүмкүн кайсы бир объект буга чейин курулуп калган болсо ээлерине эскертүү берүү керек. Эгер курулуш мыйзамсыз экенин билип туруп аны бузбай койсо, айып пул салып объектисин бузуп салууну мен колдойм.

Марал: Бул демилге Бишкек шаардык кеңеши тарабынан колдоо тапса 2019-жылдан тарта иштеп баштаары айтылды. Шаардык кеңеште курулуш компаниялары бар депутаттар аз эмес экени белгилүү. Бул жагдайды эске алганда сунуш жактырылышы мүмкүнбү?

Алмазбек Эргешов: Курулуш компаниялары бар депутаттар дагы Кыргызстандын жарандары. Алар өзүлөрү депутат болгондон кийин мыйзамды бузбашы керек. Андыктан депутаттар бул сунушту колдошу керек. Анткени мыйзамды сактоону ар ким өзүнөн баштаса жакшы да. Ал эми өзүң аны сактабай туруп анан башка бирөөдөн мыйзамды сактоону талап кылыш туура эмес.

Марал: Мыйзамсыз курулган объектилерди түрттүрүп, ээлерине кошумча акчалай айып салуу коррупциялык иштерге жол ачып койбойбу?

Алмазбек Эргешов: Коррупциялык иштер болушу мүмкүн. Негизгиси айып пулду ким салат бул маанилүү. Сотбу, Экотехинспекциябы же Бишкек мэриясы өзү салабы? Сунушта так каралат. Эгерде сот салса мыйзам бузулуп, коррупциялык иштер болот деп ойлобойм. Бирок баары бир коррупциялык элементтер болушу мүмкүн. Андыктан демилгеде баары каралыш керек.

Марал: Бишкектин атайын башкы планы бар да. Бирок ал сакталбай, жыл сайын мыйзамсыз курулуштардын саны өсүп бара жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?

Алмазбек Эргешов: Советтер мезгили кулагандан берки мыйзамсыз курулган имараттар бар. Эми ушунча жыл өтүп кетти биз аларды аларды мыйзамдаштырып беришибиз керек же бузушубуз керек. Эгер жаңы куруп алгандар болсо түрттүрүп айып пул салышыбыз керек. Биз үчүн мыйзам маанилүү болуусу зарыл жана аны бузбашыбыз керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache