Шашылыш кабар:

Бельгиянын дарбазачысы кыргыз күйөрманы менен жолукту

Июль 6th, 2018 | by Бахар Хакимова
Бельгиянын дарбазачысы кыргыз күйөрманы менен жолукту
Кыска кабар
0

Бельгия курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоле, андан футболкасын сураган кыргыз күйөрманы Арсен Алтыбаев менен жолукту.

Белгиялык футболчу Арсен менен Казань шаарында жолугушкан. Анда ал Арсендин суранычын аткарып, футболкасын белек кылган.

Бул жолугушуу тууралуу дарбазачы Миньоле Твитерге Арсен менен бирге түшкөн сүрөтүн киргизип:

«Силердин жардамыңар менен биз аны таптык. Ал жигиттин аты — Арсен. Ал Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга саякаттап келген. Ооба, ал менин футболкама ээ болду. Ушул үчүн мен социалдык тармактарды жакшы көрөм», деген билдирүү калтырган.

Эске салсак, Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун алкагында, Бельгия менен Япония курама командаларынын беттеши учурунда Арсен Миньоленин футболкасын сураган плакат көтөрүп турган.

Андан кийин Миньоле социалдык тармак аркылуу кыргыз күйөрманын издеген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache