Шашылыш кабар:

Май куюучу жайлар коопсуздук эрежесин сактайбы?

Май куюучу жайлар коопсуздук эрежесин сактайбы?
Экономика
0

4-июлда Лейлектеги май куюучу жайда өрт чыкты. Анын кесепетинен төрт киши жараат алып, тогуз унаа күйүп кетти.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында жайгашкан май куюучу жай күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Эльмира Шерипова  кабарлады. Кырсык 4-июль күнү кечки саат 20:30 чамасында катталган. Анын кесепетинен 9 унаа өрттөнүп, төрт киши жараат алды. Алардын бири Кыргызстандык, калган үчөө Тажикстандын жарандары болгон.

Өрт тууралуу маалымат 20:30 дарда келип түштү. Кырсык болгон жерге Лейлек райондук ӨКМ кызматкерлери барган. Өрттү алгачкы чектөөгө алуу 22:40 чамаларда болду. Таңкы саат 5:25те  өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен бир май куюучу жай толугу менен күйүп бүткөн. Ошондой эле дагы бир май куйуучу жайдын кеңсеси күйүп кеткен. 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, бир жеңил унаа күйүп кеткен. Бир  кыргыз,  3 тажик жаран жабыркаган.

Бүгүн, 5-июлда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Лейлек районунда өрттөнүп кеткен май куюучу жайга барды.

Ал өрттүн кесепеттерин жоюу иштери боюнча маалымат алып, андан кийин өрттөн жабыркап, ооруканада жаткан тажикстандык жарандардан кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова кабарлады. Ошондой эле бул окуядан соң Баткен облусундагы май куюучу жайлардын коопсуздук эрежелерин текшерип чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлүп жатканын кошумчалады.

Ошол жерде эртең мененки саат 7:00дө тиешелүү жетекчилер чакырылып, өрттүн чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн биринчи орун басарына  облус ичиндеги май куюучу жайлардын  коопсуздугун текшерүү тапшырмасын берген. 

Бул окуя учурда такталып иликтөө иштери башталды. Үрөйдү учурган бул окуя Кыргызстандагы жалпы май куюучу жайлардын коопсуздук маселесин көтөрдү. Өзгөчө борбор шаарда иш алып барган май куюучу жайлар  базарларга, калктуу конуштарга өтө жакын орун алган. Бул көрүнүш көпчүлүк шаар тургундарын тынчсыздантып келет.

Менин үйүмдүн жанында май куюучу жай жайгашкан. Мен абдан кооптоном;

-Учурда борбордо миллиондон ашуун адам жашайт. Кырсык болсо зыяны абдан кооптуу болот;

-Май куйуучу жай элден алыс жерде жайгашышы керек;

Мыйзам боюнча май куючу жайлар калктуу конуштан жок дегенде 50 метр алыс аралыкта иш алып барышы керек. Ошондой эле кызматкерлер өрт коопсуздук эрежелерин сактаган болушу шарт. Эгерде нормалар сакталбаса, эскертүү берилип, 10 миң сомго чейинки айып пул салынат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Улан Уралиев айтып берди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы май куюучу жай жакын жайгашканы үчүн жабылган эмес.

— Май куюучу жайдагы калонка менен үйлөрдүн аралыгы 50м, ал эми өндүрүш мекемелеринин аралыгы 25 м болушу керек. Ошондой эле май куюучу жайлардын ичинде өрт өчүрүүчү жабдуулар болушу шарт. Булар аткарылбаса мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Эскерте кетсек, Республиканын аймагында учурда 720нын тегерегинде май куюучу жай иш алып барып келет. Бул жайлар мэрия же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тараптан жерди көп жылдык мөөнөткө ижарага алуу менен ишин жүргүзүп келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache