Шашылыш кабар:

Каптагаев: Конгантиевдин ишинде саясат жок

Июль 5th, 2018 | by Бахар Хакимова
Каптагаев: Конгантиевдин ишинде саясат жок
Күн чекит
0

Мурдагы ички иштер министр Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы ушул жылдын 18-июнунда Конгантиевдин аракетинде кылмыш жасоонун белгилери жок болгондуктан ишти токтотуу тууралуу чечим чыгарган.

Ага 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин Кылмыш жаза кодексинин 305-316-беренелеринин негизинде айып тагылган. Ал 2010-жылдын 6-апрелинде маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон деп айыпталган.

Бирок ал ошол күнү өзү катуу сабалып, ден соолугуна залака тийгендиктен тергөө убактылуу токтотулуп турган. Учурда бул иш боюнча социалдык тармактарда талкуу жүрүп, Конгантиев бийликтин жанында жүргөнү үчүн кылмыш иши сотко жетпей жабылды деген сөздөр тарап жатат. Ушул жагдайдан улам коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевге суроо узаттык.

Марал: Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганы боюнча сиздин оюңуз кандай? Деги эле анын 2010-жылдагы окуяга байланыштуу күнөөсү канчалык эле?

Эмилбек Каптагаев: Чынын айтканда мен Конгантиевге кандай негизде кылмыш иши ачылганын билбейт экенмин. Менин билишимче, 2010-жылы 6-апрелде Таласка барып, чатакка кабылып, өзү да жабыр тартып калган. Бирок ал Таласка Ички иштер министри болуп турганда, башкача айтканда кызматтык милдети катары барды. Эртеси 7-апрелде Бишкектеги кан төгүүгө, Бакиевдердин борбордук аянтка келе жаткан элди аткылагандарына анын тиешеси жок болуп калды. Ошондуктан Таластагы башаламандыктарга байланыштуу ачылган иш токтотулган болушу мүмкүн. Мен бул жерде анын бийликке жакын болгонун же дагы башка саясий негиз көргөн жокмун.

Марал: Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштери учурунда Конгантиев жанында жүргөнү белгилүү. Ошондо ага карата кылмыш ишинин токтотулушунда бийликтин таасири канчалык болушу мүмкүн?

Эмилбек Каптагаев: Шайлоо убагында ким кимдин жанында болгону, ким кимге каршы жүргөнү — бул кенен маселе. Бул жагдайда Конгантиев кандай роль ойногонун өздөрү ачыктабаса биз билип, айта албайбыз. Бирок эгер үгүт иштери учурунда чындап эле Жээнбековдун жанында болгон болсо, балким саясий көз карашы туура болгондуктандыр, же жеке адамдык, туугандык мамилеси болушу мүмкүн. Эми азыр эки кыргызды сураштырсаң тууган болуп чыгат. Мен бул жерде саясий негиз байкай алган жокмун.

Марал: Азыркы учурда коомдо Бакиевдин бийлиги учурундагы кызматкерлерди кайра кызматка алып келүү болуп жатат деген да пикирлер бар. Буга кандай дейсиз?

Эмилбек Каптагаев: Бул боюнча биз 2010-жылдагы революциядан кийин так эле чечим кабыл алганбыз. Кандуу окуяларга, экономикалык, коррупциялык иштерге түздөн-түз тийиштиги болбогондорго эч кандай тоскоолдук кылган жокпуз. Ошол кезде биздин саясий эрк менен 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо баарына жол ачылып, баарына бирдей укук берилген. Эл кимди колдосо бийликте ошолор болушу керек дегенге жеткенбиз. Жөн эле «ошол кезде иштеген, мунун же тигинин жанында жүргөн» деген критерийлер болбош керек. Кылмышы болгон адамдар түз жооп бериши керек, кылмышы жок бирок ошол кезде кызматта турган адамдар элдин элегинде эле болушу керек. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн парламенттик шайлоодогу саясаты ушундай болгон.

Марал: Акыркы убакытта кылмышка шектүүлөрдү аныктоодо же болбосо коррупция менен болгон күрөш тандалма жүрүп жатат деген сөздөр жок эмес. Конгантиевге козголгон иштин сотко жетпей токтотулушу бийликке болгон ишенимди жоготпойбу?

Эмилбек Каптагаев: Мындан мурда эле экс-президент Алмазбек Атамбаев андан мурунку президент Курманбек Бакиевдин колуна кол, бутуна бут болгондорду өкмөт башчылыкка, министрликке чейин жеткирип жатканда да ар кандай сөздөр болду. Бирок ошого деле коом чыдады, бүгүн анын жыйынтыгын да көрүп жатабыз.

Бакиевдин кандуу чеңгээлинен кутулганына сүйүнүп, аянтта өлгөн балдардын канынын, жанынын баасы менен жаны аман калып бийликке келген Атамбаев ошондой иш кылып жаткандан кийин эми азыр кандай моралдык баа болушу мүмкүн экенин билбей турам. Атамбаев чынында Апрель революциясына, анын жыйынтыгына, баалуулуктарына эң чоң кыянаттык кылган киши болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache