Шашылыш кабар:

Көчмөндөр оюндары ишкерлердин эсебинен өткөрүлөбү?

Көчмөндөр оюндары ишкерлердин эсебинен өткөрүлөбү?
Коом
0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн чогултулуп жаткан каражаттар боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү. Социалдык тармактарда өкмөттөн келген каттар жарыяланууда. 

Быйыл күздө өтө турган III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө республикалык бюджеттен 316 млн 700 миң сом каралган. Бүгүнкү күндө бюджеттен  каражат которулуп жатат. Бул сумма уюштурууга кеткен каражаттын 50 пайызын гана түзөт. Калган каражат демөөрчүлөр тараптан чогултулат. Ал Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылык тараптан жыйналат.

Буга чейин Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан ишкерлерден жардам сураган каттар жөнөтүлгөнү кабарланган болчу. Жардам көрсөтүү ишкерлердин өз эрки менен эмес, салык ирээтинде суралып жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Өзгөчө мамлекетке караган ишканаларга белгилүү бир сумманы чыгаруу милдеттендирилгенин экономист Азамат Аттокуров «Марал» радиосуна айтты.

III Дүйнөлүк  көчмөндөр оюнун өткөрүүгө каршымын. Анткени бул коррупцияга жол ачып жатат. Себеби бул иш чарага абдан чоң суммадагы каражаттарды талап кылышат. Каражаттарды бергенден соң, кандай жеңилдиктер болоору белгисиз. Жыйынтыгында мамлекеттик ишканаларга кошумча салык салынып жатат. Баягы эле “Манас” аэропорту, “Мегаком”, же болбосо “РСК”, “Айыл” банктары төлөшөт. Бул кайра эле  биздин  акча болуп жатат. Учурда жеке компанияларга премьер-министрдин атынан жардам берүү суранычы менен каттар келип түшүүдө.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эң ири саналган «Аю Холдинг» компаниясы III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 7 млн сомдун тегерегинде каражат бөлгөнү турат. Анын 50 миң доллары же сом менен алганда 3 млн 400 миң сому акчалай берилет. Калган сумма кызмат көрсөтүү жана продукция ирээтинде кетет. Чечим компаниянын директорлор кеңеши тараптан чыгарылган. Бирок бул кадамды таштоого өкмөт тараптан эч кандай кысым болбогонун компаниянын вице-президенти Балбак Түлөбаев айтып, мамлекеттин өнүгүүсүнө жардам берүү ирээтинде жасалып жатканын кабарлады.

Азыр көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө каражат бөлүүнү директорлор кеңеши менен кеңешип жатабыз. Бирок бизге карата мамлекет тараптан эч кандай мажбурлоо жок. Биз ар дайым улуттук негиздеги долбоорлорго өз эркибиз менен демөөрчүлүк кылып келебиз. Ошонун ичинен бул саамалыкты өткөрүүгө накталай 50 миң доллар беребиз. Мындан тышкары 1,5 млн сомго чейин суу алып барабыз. Ошондой эле пансионатыбызды чыгарабыз.

Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө ишкерлерден каражат жыйналып жатат деген маалыматты Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылык төгүндөйт. Кыргызстандагы компанияларга буга чейин кат жөнөтүлгөнү менен мажбурлоо жоктугун катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов белгилейт. Анын айтымында, көчмөндөр оюндарынын алкагында каражат жөн гана берилбестен, атайын жарнамалык пакеттердин алкагында гана жасалып жатат. Ошондуктан ишкер өзүнүн пайдасына карата макулдугун берип жатат.

Ар бир бизнес өзүнүн оюн айтат. Быйыл жарнама кылганга даяр эмесмин дегендер бар. Же кайсы бир компания  жаңы продукцияны жарнамалап бергиле деп айтып жатышат. Көчмөндөр оюндарында демөөрчү катары акча берип, жарнамалык пакеттерди сатып алып жатышат. Ошол пакеттин ичинде кандай жарнамалык мүмкүнчүлүктөр болсо, мага бергиле дейт. Бул жерде кыйноо иретинде жумуш жүргөн жок. Анткени ошол келишимде кандай жарнамалык мүмкүнчүлүктөр берилсе, баары аткарылат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында 4-июль күнү Мамэкнотехинспекциянын кызматкерлери дагы бир күндүк айлык маянасын бөлөт деген маалымат чыккан. Анда мекеменин жалпы кызматкерлеринин жалпы айлык акысы 543 миң 900 сом болору айтылган.

Бирок бул маалыматты тактоо ирээтинде  байланышканыбызда, жардам берүү баш тартылганын мекеменин басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтты.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында инспекциянын инспекторлору көмөк көрсөтүү ирээтинде бир күндүк айлык акыны которуу боюнча сунуш киргизгенбиз. Бирок жалпы кеңешүү менен зарылчылык жок деген чечимге келдик. Ошондуктан каражат которуу боюнча чечим чыккан эмес.

Анткен менен бул иш-чара канчалык маанилүү болбосун, ал ишкерлердин эсебинен өткөрүлбөшү керек. Бир гана мамлекет бөлгөн каражатка өтүүгө тийиш. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева айтты.

Мен Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө оюм түз. Бул мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны сөзсүз түрдө мамлекет өткөрүшү керек. Ал ишкерлердин акчасына пландалбашы керек!

Буга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө «Центерра голд компани» ишканасы башкы демөөрчү болуп, 750 миң доллар бөлгөнү кабарланган.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл аймагында өтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache