Шашылыш кабар:

Балыкчы – Корумду: Козголгон иштин чоо-жайы

Балыкчы – Корумду: Козголгон иштин чоо-жайы
Экономика
0

Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду автоунаа жолунун курулушу боюнча кылмыш иши козголду.

Бюджетке келген чыгым

Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду автоунаа жолун реконструкциялоо үчүн кеңешчилерди жалдоодо бюджеттик каражат мыйзамсыз пайдаланылганын Башкы прокуратура менен УКМК бирге жүргүзгөн териштирүүдө аныкталган.

Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 166 (Алдамчылык), 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (Өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) беренелери менен кылмыш иш козголду. Башкы прокуратуранын өкүлү Жаркынай Азимова Жол чарба департаменти менен консалтинг кызматын көрсөткөн компания түзгөн келишимден казынага 16 млн сомдон ашык зыян келгенин билдирди.

— 2015-жылдын 17-декабрында Жол чарба департаменти менен консалтинг кызматын көрсөтүүчү компания менен түзгөн келишим «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамды бузуп, баасын 16 миллион 284 миң сомго ашыкча көрсөтүү менен кабыл алынган. Жогоруда көрсөтүлгөн департамент жана компания мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталып, кылмыш иши тергөө органдарына жөнөтүлгөн.

Башкы көзөмөл органы Жол чарба департаменти келишим түзгөн консалтинг кызматын көрсөткөн компаниянын атын ачык жарыялаган жок. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги келишим «Кыргыз трек интернешнл» консалтинг ишканасы менен түзүлгөнүн ачыктады. Министрдин өзү жана Жол чарба департаментинин жетекчилери менен байланышып, козголгон иш боюнча комментарий ала алган жокпуз. Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов анын себебин мындайча түшүндүрдү.

— Кылмыш иши козголгондон кийин тергөөгө басым жасоо болуп калат деп, комментарий бербейбиз (Жол чарба департаментинин директору) деди. Болгону «алар иш козголгондон кийин комментарий бере албайбыз дешти» деп берсеңер болот.

Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Талант Садакбаев

Консалтинг кызматын көрсөткөндөрдүн кызматы

Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Талант Садакбаевдин айтымында, «консалтинг кызматын көрсөткөн ишканалар салынып жаткан жолдун сапатына баштан-аяк көзөмөл кылат». Бирок бул багытта иштеген компаниялар арасында атаандаштыктын жоктугунан чоң-чоң долбоорлорду саналуу гана ишканалар утуп келет.

— Алар негизинен жумуш кандай сапатта аткарылып жатканын карайт. Жөн гана карап отурбай атайын жабдыктар, лабораториялар менен текшерет. Анын баарын адистер көзөмөлдөш керек. Курулуп жаткан жолдун ар-бир 5 метр, 20 метр сайын асфальт кандай төшөлүп жатканын текшерет. Салынып жаткан жол долбоорго ылайык жүргүзүлүп жатабы, бурулуштардын жазылыгы, техникалык талаптар сакталып жатабы карашат.  

Июнь айынын башында Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңеште Эсептөө палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча мыйзам бузуулар аныкталып, юридикалык баа берүү үчүн документтер Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу

Баары бар, бирок жол салуу кымбат

Акыркы учурларда Кыргызстанда жол курууда коррупциялык иштер көп экени көтөрүлүп, ири долбоорлорду текшерип чыгуу демилгеленип жатат. Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Алтынбек Жунус уулу жол куруудагы жемкорлук тууралуу буларга токтолду.

— Кыргызстанда жол куруу эң арзан болуш керек. Себеби бизде материалдардын баары даяр. Карьерлер жолдон 2-3 километр эле алыс жайгашкан, техникалар дагы жетиштүү. Бирок эмнегедир жол салуу бизде эң кымбатка турат. Мисалы жол куруу канчалык арзан болсо, жолдордун узундугу ошончо узун болмок да. Кыргызстан эгемендик алгандан бери 2,5 млрд доллар насыяны жолго жумшаптырбыз. Мунун баары карыз болуп мойнубузга түшөт.

Балыкчы – Корумду жолунун курулушу башынан эле чыр менен башталган. Тендер өткөрүүдө мыйзам бузууга жол берген деген айып менен Темир Сариев премьер-министрликтен кеткен. Ортодо курулушка акча убагында бөлүнбөй кызматкерлер бир нече жолу иш ташташты. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү алдында шашылыш башталган жолдун курулуш иштери тууралуу Транспорт министрлигинин көзөмөлдөө, камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Токтобаев маалымат берди.

— 33-чакырымдан 43-чакырымга чейин асфальттын төмөнкү катмары салынып бүттү. Ошондой эле 85-чакырымдан 104-чакырымга чейин курулуш бүттү. Быйыл жалпы 22 километр жолдун төмөнкү катмарына асфальт төшөлүп бүттү.

Ысык-Көл облусундагы жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн Балыкчы – Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Аны Кытайдын «Лонг Хай» компаниясы жүргүзүп жатат. Долбоордун баасы 7 млрд сомго чукул деп эсептелип, учурда анын 3 млрд сомдон ашыгы бөлүнүп берилди.

Башкы прокуратуранын маалыматында Транспорт министрлиги мыйзам бузган органдардын сап башында турат. Ушул жылдын беш айында эле жол куруу боюнча 13 кылмыш иши козголуп, бюджетке келтирилген чыгым 107 млн сомго чукулдаган. Анын болгону 670 миң сому гана кайра казынага кайтарылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache