Шашылыш кабар:

Назарбаев: Астана Борбор Азиядагы каржы хабына айланат

Июль 5th, 2018 | by Бахар Хакимова
Назарбаев: Астана Борбор Азиядагы каржы хабына айланат
Дүйнө кабарлары
0

Бүгүн, 5-июль күнү Казакстандын Астана шаарынын 20 жылдыгы белгиленди. Астана эл аралык каржы борборунун ачылышына өлкө башчы Нурсултан Назарбаев да катышты.

Жергиликтүү басылмалардын жазганы боюнча, Астана буга чейин жоготкон финасы борбор функцияясын кайра кайтарып алды. Ал Казакстандын коомдук-саясий социлдык борборуна айланды. Эми Астана шаары Борбору Азиядагы каржы хабына айланат.

“Биз бул борборду түзүп жатканда, өнүккөн дүйнөлүк каржы борборлордун тажрыйбасын үйрөнүп чыктык.  Дубай, Сингапур, Гонконг жана башка борборлорду  үлгү катары алдык”, — деди Назарбаев.

Эске салсак, Казакстанда Эл аралык каржы борборун куруу боюна жарлыкка президент Назарбаев 2015-жылы кол койгон. Анын ишмердүүлүгү өлкөгө инвестиция тартуу, Казакстандын баалуу кагаздарын өнүктүрүү жана эл аралык капитал базарына интеграциялашууга багытталат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache