Шашылыш кабар:

Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Июль 5th, 2018 | by Бахар Хакимова
Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулду
Кыска кабар
0

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулду.

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы ушул жылдын 18-июнунда Конгантиевдин аракетинде кылмыш жасоонун белгилери жок болгондуктан ишти токтотуу тууралуу чечим чыгарган.

Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин Кылмыш жаза кодексинин 305-316-беренелеринин негизинде айып тагылган.

Ал 2010-жылдын 6-апрелинде маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон деп айыпталган. Бирок ал ошол күнү өзү катуу сабалып, ден соолугуна залака тийгендиктен тергөө убактылуу токтотулуп турган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache