Шашылыш кабар:

ШКУ алкагында аудит органдары тажрыйба алмашат

ШКУ алкагында аудит органдары тажрыйба алмашат
Саясат
0

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө  мамлекеттердин жогорку финансылык көзөмөл  органдарынын  IV жолугушуусу Бишкекте өттү. Төрагалык милдети Кыргызстанга берилген.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жогорку аудит органдарынын IV жолугушуусу Кыргызстандын төрагалыгы астында өттү.  Иш чарага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан баштап,  бирикмеге жаңы кирген Индия жана Пакистандын өкүлдөрү катышты. Күн тартибинде негизги делген үч маселе каралды. Эки жылга сунушталган иш пландар менен Кыргызстандын Эсептөө палатасынын төрагасы  Улукбек Марипов тааныштырды.

Бүгүнкү күндөн баштап төрагалык биздин мамлекетке өттү. Эки жылга белгиленген иштер бар. Бүгүн күн тартибиндеги иштердин биринчиси ШКУ алкагында кандай иштешибиз керек? Экинчиси мамлекеттик башкарууда бюджетти көзөмөлдөө жана мамлекеттин эң чоң куралы катары кароо. Үчүнчүсү социалдык саясатта эсептөө палатасынын орду.   

Кыргызстанга бул уюмдун  жогорку  аудит орган  жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү туура чечим болгон. Мындай оюн Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров аталган жыйында айтты.

Бул жолугушуулар Кыргызстанга ШКУ мамлекеттери жана каржы көзөмөл органдары менен тыгыз кызматташып, алардан тажрыйба алмашууга чоң  мүмкүндүк берет .Себеби өлкөнүн экономикасынын өсүшү мамлекеттик аудит органдарынын ишинен көз каранды экенин айтып буларга токтолду.

Кыргыз мамлекетинин Эл аралык деңгээлде аброюн көтөрүүдө бул жыйындын орду чоң. Бул коңшу мамлекеттерден артта калбай, алдыга умтулуусуна чоң түрткү берет. Аудиттин негизги максаты, мамлекеттик бюджетти сарптоодо чыгымдарын көзөмөлгө алуу. Тагыраагы кашыктап чогулткан каражатты  чөмүчтөп чачпоого жол бербөө болуп саналат.

Буга чейинки эки жыл төрагалык милдет коңшу Казакстанда болгон. Анда Казакстан, Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасы менен саламаттык сактоо тармагына аудит жүргүзүү боюнча мыйзамдар иштелип чыккан.

Жыйынтыгында аудит жүргүзүүдө маалыматтык технологияларды колдонуу ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулганын Казакстандын Эсептөө палатасынын төрайымы Наталья Годунова айтып берди.

Эки жылда жасалган иштердин жыйынтыгы көп болду. Координациялык ишмердүүлүктө белгилеп кетчү жагдайлар бар. Баардык иштер пландын негизинде жүргүзүлдү. Астана, Москва шаарларында үч семинар өттү. Анда маалыматтык коопсуздук жагы боюнча алгылыктуу иштер болду. Өзгөчө маалыматтык технологияны колдонуу учурлары көрсөтүлдү. Бул багытта Казакстан, Кыргызстан жана Кытайдын эсептөө палаталары ортосунда иштер болду.  

Ошондой эле бул жыйында Кыргызстандын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов тараптан  Кытайдын жогорку аудит органынын жетекчисине өтүнүч берилди.  Анда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялаган TBEA компаниясы тууралуу бир катар документтерди көрсөтүүнү өтүндү.

Биз кытайлык кесиптешим Ху Зэжунден  Бишкек жылуулук электр борборун модернизация иштери боюнча документтерди берүүсүн өтүнөм. Себеби бүгүнкү күнү бизге толук маалыматтар жетпей жатат.  Ошондуктан TBEA компаниясына аудит жүрүгүзүү маселесин карашыбыз керек.

Ошондой эле ал кыргыз тарап Бишкек ЖЭБиндеги жаңылоо иштери толук текшерилгенин, тийиштүү документтер Мамлекеттик соттук-экспертизага жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Кошумчалай кетсек, жыйын соңунда бир катар документтерге кол коюлуп Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу менен жыйынтыкталды.

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache