Шашылыш кабар:

Асылбашева: «Көчөдө көз жарган келиндин, баланын да абалы жакшы»

Июль 4th, 2018 | by Канай Анаркулов
Асылбашева: «Көчөдө көз жарган келиндин, баланын да абалы жакшы»
Күн Чабыт
0

3-июль күнү Бишкек шаарындагы №2 төрөтканынан короосунда кош бойлуу аял көз жарды. Төрөт үйү жайкы оңдоп-түзөө үчүн жабык болгону айтыоууда. Аялдын толгоосу бышып, төрөтканага кире албай, сыртта көз жарганы коомчулуктун катуу сынына кабылды. Айрымдары дарыгерлер документ иштерине байланыштуу келинди кабыл албай койгонун айтышууда. Окуянын чоо-жайын Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева айтып берди.

Окуянын чоо жайын өз оозуңуздан уксак,  эмне себептен бул келин көчөдөн төрөөгө аргасыз болуп калды?

Биз буга чейи бир нече жолу төрөткана оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабыларын эскертип, билдирүүлөрдү таратканбыз. Министрликтин басма сөз кызматына акыркы ирээт июнь айынын аягында да кайрылуу жасаганбыз. Тилекке каршы ал келинге бул маалыматтар жетпей калыптыр. Келиндин толгоосу келгенде алар такси менен төрөтканага чыгып, имараттын алдына келгенде төрөп койгон. Кире бериште куруучулар ремонт ишин жүргүзүп жаткан. Алар көңүл бурбаптыр. Дарыгерлерге маалымат келер замат алар тышка чыгып, келинди сүйрөгүчкө жаткызып, наристесинин киндигин кезүү менен энесинин төшүнө жаткызылган.

Ошондо дарыгерлер кабыл албай коюшту деген маалымат чындыкка келбейби?

Ооба, маалымат бир тараптуу кетип жатат. Оңдоо иштери жүрүп жатса  да, нөөмөттө дарыгерлер турат. Болгону аларга маалымат жетпей калган. Келиндин 12-кош бойлуулугу жана жетинчи төрөтү экен. Баары бат эле болуп кетти. Дарыгерлер маалымат келген соң дароо өз жардамдарын толугу менен беришти.

Азыр эне-бала кайсыл жакта абалдары кандай?

Алар азыр төрөтканада. Белгилүү убакыт эл катары дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, анан чыгат. Бала 4 кг 900 гр салмак менен төрөлүп, дени сак, күчтүү ымыркай жарыкка келди. Азыр апасы экөбүнүн тең абалы жакшы. Эч кандай коркунуч жок.

Эненин же алардын туугандарынын сиздерге арыз-доосу жокпу?

Эч кандай доосу жок. Алар төрөткана жабык экени тууралуу билбей келип алышканын айтышууда. Азыр мекеменин башкы дарыгери, мен да жеке козөмолүмө алып карап жатабыз.

Негизи эле буга чейин жашаган жеринен аныктама же башка маселе деп кабыл албай койгон учурлар катталчу эмес беле. Бул канчалык мыйзамдуу?

Бизде Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу бар. Жазшаган жерине, улутуна, убактысына карабай төрөтканага келген айымдар кабыл алынышы керек. Туура, буга чейин сиз айткандай маселе болуп калчу. Азыр андай көйгөй жокко эсе. Биз эскертүүлөрдү берип,  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.

Маегиңизге рахмат.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache