Шашылыш кабар:

Токбаева иш козголгон судьялардын атын атаган жок

Токбаева иш козголгон судьялардын атын атаган жок
Саясат
0

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот бийлиги жана анын жеке өзүнүн дарегине айтылган сын-пикирлер менен Жогорку соттун үч судьясына козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди.

Айнаш Токбаева Башкы прокурордун Жогорку соттун үч судьясына жана аппарат кызматкерлерине козгогон кылмыш иши тууралуу маалымат берди. Эске салсак иш көзү азиз жарандык активист Темирлан Ормуковдун ишине байланыштуу ачылган. Жогорку соттун төрайымы бирок кайсы судьяларга айып тагылып жатканын ачыктаган жок.

— Козголгон кылмыш иштин токтомунун көчүрмөсү менен таанышкан дагы көргөн дагы жокпуз. Ошондуктан кайсы судьялардын үстүнөн иш козголгонун так айта албайм. Бирок бул иш боюнча тиешелүү органдар юридикалык баа берет деп ойлойм. 11-июнда кызматтык иликтөө болуптур. Судьялар ишти кароонун мөөнөтү боюнча айыпталууда.

Токбаеванын маалыматында Жогорку соттун аппарат кызматкерлеринин катасынан Ормуковдун соттук материалы, кылмыш иши катары катталып калган. Ушундан улам 15 күндө каралчу иш 30 күнгө узарып кеткен. Айнаш Токбаева жыйында райондор аралык сотторду жоюу боюнча пикири менен бөлүшүп, ачык айтпаса дагы аларды жоюуга каршы экенин кыйытты.

— Райондор аралык сотто жакшы кесипкөй судьялар иштейт. Жумушчу топ райондор аралык сотторду жоюу боюнча оң жана терс жактарын талдайт. Эгер жоюш керек деген чечимге келсе анда ага алтернатива болуш керек. Ошолор дагы талкуулангандан кийин гана чечим кабыл алынат деп ойлойм.  

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо райондор аралык сотторду жоюу керектигин билдирген. Бул боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлгөн. Токбаева андан сырткары жеке өзүнүн дарегине айтылган сындарга жооп берди. Айрым ММКларда «Токбаева туугандарын кызматка коёп жатат» деген макалалар жарык көргөн.

— Бир дагы тууганымды, тааныштарымды ишке алып келген эмесмин. Судья болот элем дегендерди ыйгарым укуктуу орган өзү тандайт, кийин өзүлөрү тандайт деп ал жакка дагы кийлигишкен эмесмин.  

Андан сырткары «ага аймактык бөлүнүүгө жол ачканы» тууралуу дагы айыптар коюлган. Бирок Токбаева «трайбалист эмес» экенин айтып ишендирүүдө. «Токбаева күйөө баласын Жогорку сотко кызматка алган, Ош облустук сотунун төрагасы Айвар Кубатов Токбаеванын көмөгү менен кызматка келген» деген сөздөр көп. Ал аты аталган Айвар Кубатов баласынан өкүл атасы экенин танбайт.

— Ал деген (Айвар Кубатов) менин экинчи уулумдун өкүл атасы. Өкүл атаны деле биз тандап коёбуз да. Таза адам, тыкан, бизден кийин балдар калганда аларга баш-көз болуп, балдарды түз жолго жетелесин деген ниет менен коёбуз да. Баарыңыздарда эле өкүл ата, өкүл эне бар. Анан мен ал кишинин жакшы адам экенин көрдүм. Балама ата боло алат, анын зайыбы эне боло алат деп тандап койгом.

«Сот чечимдерине, сот тармагындагы кадрдык саясатка кийлигишет» деген президенттик аппараттын соттук реформа боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев тууралуу дагы суроого жооп берди. Жогорку соттун төрайымы Токбаева Арабаев ага бир дагы жолу басым жасабагынан айтып жатат.

— Жеке өзүмө чалып, жазуу түрүндө же ооз эки түрдө мобул ишти мындай чечкиле деп мага түшчү эмес. Судьялар дагы ушундай болуп жатат деп мага кайрылган эмес. Эгер мындай кайрылуулар болгондо мен президентке кат жолдоп, өзүм дагы бул маселени көтөрмөкмүн.

Басма сөз жыйынында Айнаш Токбаева декларациясы тууралуу айтып берди. Ал Токтогулдагы жерине үй куруу максаты бар экенин жана айлык акысын ачык көрсөткөнүн, акыркы жалдары чоң деле эч нерсе сатып ала электигин белгиледи.

— Декларацияда эч нерсени жашырбай көрсөттүм. Малдарым бар аны дагы көрсөттүм. Айылда малды аласың, алар төлдөйт, ары жак бери жакка колдоносуң, кошумча деген бар. Кичи мекениме 7,5 сотых жери бар. Ал жерге курулуш кылайын деген планым бар.

Кыргызстанда сот тармагы эң коррупцияланышкан органдардын бири катары бааланып келет. Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин сот бийлигин реформалоо жай жүрүп жатканын жана аны тездетүү зарылдыгын айткан. Ошондой эле сот реформасынан каражат аябоого чакырган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache