Биз менен байланышыңыз

Бурулайдын өлүмүнө айыпталгандарга карата сот өкүмү чыкты

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 1229 | 0

19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чечим чыгарды. Анда айыпталып жаткан Марс Бөдөшевге 20 жылга күчөтүлгөн тартипте абакта жаза мөөнөтү берилди. Ал эми «ала качуу» беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Бүгүн, 11-декабрда Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум уланып, айыпталуучуларга акыркы сөз берилген.

Марс Бөдөшев ала качууну моюнуна алган жок. Ошондой эле, досу Акмат Сейитовдун ишин судьядан жакшылап карап берүүнү суранган. Экинчи айыпталуучу Акмат Сейитов акыйкат чечим чыгарууну жана ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнгөн.

Бурулай Турдали кызы ушул жылдын 27-майында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM