Шашылыш кабар:

Акимов: Кадырбаевдин кызматтык даражасы төмөндөдү

Акимов: Кадырбаевдин кызматтык даражасы төмөндөдү
Саясат
0

Бүгүн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматын тапшырып, башка кызматка которулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын экинчи борбору саналган Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мэрлик кызматтан кетти. Өкмөт башчынын буйругу менен  Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төрага орун басар болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кадырбаев мэрлик кызматка мындан  төрт жыл мурун дайындалган. Экинчи мөөнөткө 2016-жылдын 25-майында бекитилген.

Бул аралыкта тажрыйба гана албаса, жетишээрлик деңгээлде жыйынтык көрсөтө албаганын саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов айтат.  Болбосо, жогорку кызматка отурмак дейт.

Айтмамат Кадырбаевдин мурда жасаган ишине карап көрсөк, мэрлик кызматка чейин коммерциялык жактарды тейлеген. Ошондо мамлекеттик даражадагы кызматта биринчи жолу иштеди. Эгер жакшы иштеген болсо, жогорку кызматка кетмек. Бирок андай болгон жок.

Кадырбаевдин мэрлик кызматтан агенттикке төрага орун басар болуп дайындалышы бул кызматтык жактан төмөндөө болуп саналат. Себеби Кыргызстанга түшүп жаткан каражаттын дээрлик жарымы Ош шаарына туура келет. Бул жагынан алганда Кадырбаевдин мэрлик креслосуна башка кызыктар болгон адамдар болушу мүмкүн. «Эми анын  кызматтык даражасы төмөндөп барып отуруп, кызматтан толук кол жуушу  ыктымал»,- деди саясий серепчи Турат Акимов.

Бул кишиникин төмөндөтүү деп койсок болот. Анткени мэр болгондо чоң шаардын экономикасын жана саясатын жүргүзгөн биринчи адам болчу. Азыр болсо, жалаң кризисте жаткан көп мыйзам бузуу менен иш алып барган кызматка барды. Эми берилген тапшырмалар азайып, бир гана нукта болот. Бирок мурда иштебеген болсо, алып бара албай калышы дагы мүмкүн. Менин оюмча бул жерде кыш жакындаганда «Иш алып бара алган жоксуң»- деген жүйө менен кызматтан толук кетиши ыктымал.

Бул жерде саясий боек берилип жатканын Акимов кошумчалайт. Азыркы тапта мэрлик кызматка келет деп ысымдар жарыялана баштады. Жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарга таянуу менен алты ысымды атап жатышат.

Алардын сап башында Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов турат. Андан кийинки орунда Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов.  Ошондой эле талапкерлердин арасында депутат Жанар Акаевдин да ысымы аталууда. Андан сырткары, Ош шаардык кеңешинин мурунку төрагасы, учурда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлатбек Алимбеков, Ош облусунун губернатору Таалай Сарыбашов жана Материалдык резервдер фондусунун мурунку төрагасы Гуламжан Анарбаев да бар.

Бирок ким дайындалбасын, президенттин демилгесин иш жүзүнө ашырган адам болсо, утуш ошондо гана болоорун коомдук ишмер Эдил Байсалов белгилейт. Ал үчүн биринчи  эки жылга чейинки мөөнөт берилиши керек деп санайт.

Кыргыздарда жакшы сөз бар.  «Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» деген. Азыр өкмөт кимди дайындаса дагы өзү билет. Мейли ал Бакиев менен Акаевдин тууганы болсун. Бирок бул жерде эң негизгиси президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган адилеттүү бийлик жана ынтымактуу коомго жетип жемишин көрүшүбүз керек. Ал үчүн албетте жарым жылдык убакыт эмес эки жылга чейинки мөөнөт берилиш керек. Ошондо гана биз бул кадам туура же туура эмес болгонун айта алабыз.

Кошумчалай кетсек, Айтмамат Кадырбаев 1966-жылдын 20-январында Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин Экономист адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы КР Президентинин алдындагы Академиядан билим алган.

Эмгек жолу инженер-экономисттен баштап, «Кара-Суу эл базарынын» директорунун орун басары, кийин Ош облустук администрациясында губернатордун биринчи орун басарлык кызматына чейин жеткен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache