Шашылыш кабар:

Экстрадиция: Кыргызстан кызыкчылыгын коргой албайбы?

Экстрадиция: Кыргызстан кызыкчылыгын коргой албайбы?
Саясат
0

Кыргызстанда күнөөлү деп табылып, чет жакта жүргөн жарандар өлкөгө экстрадицияланбай жатканын айрымдар сындап чыкты. Ушундан улам башка мамлекетте баш калкалап же качып жүргөн адамдарды Кыргызстанга алып келүү маселеси козголду.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Кыргызстанда кармалган казакстандык активист Муратбек Тунгышбаев өткөн жумада Казакстанга экстрадицияланды. Ал аталган өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт» деп айыпталып жатат.

Тунгышбаевдин коңшу мамлекетке өткөрүлүп берилишин Кыргызстанда жарандык коом кескин сынга алды. Коомдук ишмер Эдил Байсалов «аны жөн гана берип койбой, жок дегенде Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Казакстанда камакта жаткан Дамирбек Асылбек уулуна алмашыш керек болчу» деген пикирде.

— Казакстан бизге бир дагы качкыныбызды кайтарып бербейт. Ал жакшыбы жаманбы башка сөз, бирок эч качан ткөрүп бербейт. Жакында эле жөнөкөй эле кыргыз жараны эмес, ЖКнын депутаты Дамирбек Асылбек уулун (Динарбек Супатаев) кармап, бербей жатат. Ал эми Муратбек Тунгышбаев киши өлтүргүч, террорист эмес. Анын саясий көз карашы башка болгону үчүн гана аны кылмышкер деп жатат. Эмне үчүн Казакстан бизге бир дагы жаранды кайтарып бербейт дагы, биз аларга баарын бере беребиз.  

Казак активисттинин окуясы Кыргызстанда экстрадиция маселесин козгоду. Ал арада Башкы прокуратура депутат Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси боюнча дагы бир иш ачты. Буга чейин ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага издөө жарыяланып, айыбы сыртынан угузулган. УКМКнын буга чейин берген маалыматы боюнча ал Нью-Йорк шаарында экени аныкталган. Бирок азырынча аны кармоо аракети жана экстрадициялоо тууралуу Атайын кызмат маалымат берген жок. УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев экстрадиция ишинде кыргыз бийлигинин аракетине төмөн баа берди.

— Бизде көп учурда чечкиндүүлүк, укуктук сабаттуулук жетишпей жатат. Ошонун негизинде биздин өнөктөш мамлекеттер бизге айтканын биз аткарып, алар болсо мыйзамдын чегинде эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди аткарбай койсо дагы сөзүбүз өтөй калууда. Бул жаатта укуктук ченемдерди туура пайдалана албай жатабыз деп айта алам.   

Башкаларды айтпаганда да Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев жана анын жакындарын өлкөгө алып келүү маселеси бир нече жылдан бери ишке ашпай келет. Бакиевдер бир катар иштер боюнча Кыргызстандын соту тарабынан күнөөлү деп табалып, алды өмүр боюу эркинен ажыратылган. Ошол эле тунгуч президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди өлкөгө экстрадициялоо аракетинен майнап чыккан эмес.

2014-жылы «ак кан оорусуна чалдыккан» делинип Нарын шаардык сотунун чечими менен бошотулган соң, Кыргызстандан чыгып кеткен мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди алып келүү дагы натыйжасыз болду. Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов экстрадиция маселеси боюнча төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү.

— Мисалы Батукаевди далилдүү фактыларды келтирип алып келсе болот. Ал эми мурдагы президенттер башка киши. Алар «өлкөдө төңкөрүш, революция болду, саясий мотив бар» деп айтып жатышат. Батукаевди болсо бийлик структурада иштегендер, чоң кызматта отургандар өз ара сүйлөшүп алып чыгарып жиберип жатпайбы.  

Күч органдарынын маалыматында жыл сайын чет жакта кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргыз жарандары экстрадицияланып турат. Бул эл аралык жана мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу келишим аркылуу жүргүзүлөт. Бирок талдоочулар Кыргызстанда кайсы бир кылмыш ишине шектелген чиновниктер, чет мамлекеттерге көбүнчө саясий куугунтук болуп жатканын жүйө кылып, башпаанек сурашарын айтышат.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев болсо мындай статус менен башка өлкөдө жүргөн жарандар мекенине кайтарылбасын белгилейт. Андыктан көп жарандар ушул жолду тандашат.

— Эл аралык келишимдерде саясий негизде куугунтукталган адамдар суралып жаткан мамлекеттерге берилбейт деп жазылган. Ошондуктан биздин жарандар кылмыш кылып качканда саясатты жамынышат. Бул жалгыз бетине кармай нерсе. Андыктан мага саясий куугунтук болуп жатат деп, качып кетишет.

Эске салсак кыргыз бийлиги Беларусия мамлекети мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербегенине нааразы болуп, 2012-жылы аталган өлкөдөгү элчисин чакыртып алган. 2015-жылы Кыргызстандын Беларусиядагы элчилиги толук кандуу иштеп баштап, Бакиевди экстрадициялоо боюнча аракет уланары кабарланган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache