Шашылыш кабар:

Ниязалиев: Мораторий эле ишкерлердин көйгөйүн чечпейт

Ниязалиев: Мораторий эле ишкерлердин көйгөйүн чечпейт
Күн Чабыт
0

Өткөн аптада өкмөттө бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйыны болду. Анда Экономика министри Олег Панкратов ишкерлерди текшерүү жол-жоболоруна нааразы болгондор көп экенин эске алып, буга чейин кайта баштан түзүлгөн ишканаларды үч жылдык мөөнөткө текшерүүлөрдөн бошотуу чечими кабыл алынганын билдирди. Бирок кийинчерээк бизнести текшерүүгө мораторий киргизүү эки жыл экени айтылды. Биз ушул теманын тегерегинде жеке ишкер Уран Ниязалиев менен маектештик.

Марал: Ишкерликти текшерүүгө киргизилген мораторий жакшы деңизчи. Бирок бул иш жүзүндө аткарылабы?

Уран Ниязалиев: Кыргызстанда 2010-жылдан кийин мораторий жарыяланып, бизнес текшерилген эмес. Ошол эле учурда мораторийда жалгыз эле биздин мамлекет киргизген жок да. Мисалы Казакстан 2014-жылдан 2017-жылга чейин мораторий жарыялап, текшерүүлөрдү кыскарткан. Аны менен кошо эле экономикасында жана текшерүү жаатында реформа жасап, азыр Казакстанда текшерүү азайып калды. Орусия дагы 2015-жылы бизнести текшерүүнү 2018-жылга чейин токтотуп, быйыл аны дагы үч жылга узартып жатат. Баш-аягы алты жыл мораторий болот. Аны менен кошо реформа дагы жүрүүдө. Кыргызстанда мораторий жарыялап коюу менен эле ишкерлердин көйгөйлөрү чечилбейт. Аны менен бирге реформаны дагы жасаш керек. Ошондо гана ишкерлердин жүгү жеңилдейт.

Марал: Реформа деп калдыңыз ишкерлерге ыңгайлуу шарттар болушу үчүн өкмөт кандай реформаларды жасашы керек болуп турат?

Уран Ниязалиев: Өкмөт ар бир тармактын өкүлдөрү менен жолугуп чыгышы керек. Мисалы курулуш жаатында иштегендер менен жолугуп алардын көйгөйлөрүн угуп, өндүрүшчүлөрдү өзүнчө чогултуп алардын дагы маселелерин караш керек. Текстиль жаатында дагы көйгөй бар. Аларды дагы угуш керек. Ушинтип ар бир тармак менен кезигип, 3 айда кандай маселени чечиш керек, 5 айда кайсы көйгөйдү жөнгө салуу зарыл, 1 жылда кайсы иштерди кароо керек деп бөлүп туруп, тез арада аракет кылуу керек деп ойлойм.

Мисалы салык кодексин көп сөз кылабыз. Бул кодекс жаңыдан каралып чыгып, көп өзгөртүүлөр кирмек. Бирок азыр дагы деле ордунан жылбай турат. Биз ЕАЭБге киргенден кийин кошумча нарк салыгынын кайра кайтарылыш жол-жоболору кандай, механизмдер иштеп жатабы ушуларды карап чыгыш керек. Учурда ЕАЭБ мамлекеттери менен иштеген ишкерлердин экспорттогу, импорттогу маселелери чечиле элек.

Марал: Кыргызстанда ишкерлерди кайсы мамлекеттик органдар көп текшерет?

Уран Ниязалиев: Бул жаатта реформа болуп, текшерүүчү мамлекеттик органдар кыскарган. Учурда текшерүүчү 7-8 орган калды. Ал эми шашылыш түрдө текшерүүгө ала турчу кызматтардан Салык кызматы, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматында бар. Ошол эле кезде пландуу түрдө текшерген органдар дагы бар. Ага Экотехинспекция кирет. Социалдык фонд болсо бир жылда бир текшерүүгө укук алган.

Ишкерлер ката кетирген дагы учурлар болот. Бирок азыр алардын саны азайып, көбү эле түз, таза иштейли деп аракет кылышууда. ЕАЭБге киргенден кийин дагы көп нерселер текшерилип турат. Андыктан туура эмес иштесе алар кайра эле өзүлөрүнө тоскоол болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache