Биз менен байланышыңыз

Түркияда кайрадан камоолор

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 750 | 0

Түркияда 2016-жылы «ишке ашпай калган төңкөрүш» оюнунан кийин массалык түрдө камоолор, иштен бошотуулар жана куугунтуктар бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Ушундай операциялардын бири бүгүн Түрк куралдуу күчтөрүнүн(ТКК) курамындагы кызматкерлерге жасалып, Фетхуллах Гүлендин ишмердигине байланышы бар делип 87 киши шектелип кармалып, 41ине каршы кылмыш иши козголду. Би-Би-Си түрк кызматынын билдиришинче кармалгандардын 39у офицер жана экөө улук сержант болуп Стамбулдагы аскердик бөлүктө кызмат өтөшчү. Ушундай кине менен ТККнын курамынын 45%ы иштен алынып, миңдеген аскер кызматчысы, командирлер  камалышкан. Кармалгандарга «террордук топко мүчө болуу», «мамлекетке саткындык кылуу» жана «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча айып тагылды.

Эске салсак, 2013-жылдын 17-25-декабрында Түрк коопсуздук кызматы тарабынан коррупцияга каршы ири операция жасалып, анын негизинде бир катар жогорку макамдагы чиновниктер, министрлер жана  алардын жакындары өтө чоң көлөмдөгү коррупциялык ишке шектелип кармалышкан. Арасында президент Режеп Тайип Эрдогандын баласы Билал Эрдогандын да аты аталып, атасы экөөнүн ортосундагы белгисиз акчалар тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөн сөзү коопсуздук кызматы тарабынан жарыяланган. Бул кылмыштын бетин ачып, соттук териштирүү иштерин алып барган прокурорлор, тергөөчүлөр жана судьялар бир нече кундүн ичинде кызматтан алынышкан. Кийин аларга «дин аалымы Фетхуллах Гүлендин адамдары, атайын тузак уюштурган» деген жалаа жабылган.

Мына ушул окуя менен уланып олтуруп 2016-жылы уюштурулган төңкөрүш  иши өлкөдөгү коопсуздук, соттук жана билим берүү баш болгон бардык мамлекеттик мекемелердеги 200 миңге чукул адамды кызматтан алып, Ф.Гүленге тиешеси бар делген жүздөгөн мекемелер жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM