Шашылыш кабар:

Биржа аркылуу экспортту көтөрүү мүмкүнбү?

Биржа аркылуу экспортту көтөрүү мүмкүнбү?
Экономика
0

Айыл чарба продукциясын биржа аркылуу сатуу аракети кайрадан  башталды. Биржалык фонд  электрондук портал ачып жатат. 

Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын экспортун көбөйтүү үчүн айыл чарба жана мелиорация министрлиги 25 продукциянын тизмесин түздү. Эми бул тизмеге кирген азык-түлүктөр биржа аркылуу сатыла баштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин азык-түлүк коопсуздук жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы Анаргүл Беккулиева айтты.

Азыркы күндө министрлик тарабынан экспортко багытталган 25 айыл чарба продукциясынын тизмеси түзүлдү. Бир айлык мөөнөттө өкмөт аппаратынын кароосуна киргизген турабыз. Мунун ичинде башка дагы продукциялардын тизмеси бар. Бул продукцияларды экспортко чыгаруу иш чараларын көбөйтөбүз.

Буга чейин бир канча ирээт демилгеленип, бирок ишке ашпай келген биржа түзүү демилгеси кайрадан башталды. Бул Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, дыйкандар өндүргөн продукциясын акыркы керектөөчүгө жогорку баада сата алаарын айтууда. Мында дыйкан үйүнөн чыкпай туруп, кардар таап келишим түзө алат. Ал үчүн учурда атайын портал иштелип жатат. Анда дыйкан продукциянын көлөмүн, жайгашкан жери жана баасы тууралуу маалыматтарды жайгаштырууга тийиш экенин биржалык фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү  Алмаз Шабданов маалымдап өттү.

Үйүндө отуруп эле кайсы гана продукция болбосун сата алат. Мисалы банкага жабылган помидор же ал жаңы терилген болсун, биздин системага кирип белгилеши керек. Бул жерде товардын  көлөмү көрсөтүлөт. Баасы ал сарптаган акчасына жараша болот. Учурда электрондук базанын жарымы даяр болуп калды.

Мындай биржалык фонддор дүйнөнүн  дээрлик көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Бул аянтчада бир гана даяр продукция эмес, келээрки жылдын түшүмүнө  дагы келишимдер түзүлөт. Өзбекстандын биржасында коңшу өлкө гана чыгарган товар эмес, Кыргызстандын цементин да таба аласыз. Ошондуктан биржа аркылуу Кыргызстан мөмө-жемиштерден сырткары эт, сүт  продукцияларын сатууга дагы болот.

Эгерде кардар чет өлкөдөн табыла турган болсо, продукциянын сапаты тууралуу мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын берген аныктамасын көрсөтүү жетиштүү. Ал үчүн сертификат берген лабораториялар бар экенин мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Манас Майканов айтты.

Кыргызстандын аймагында ЕАЭБдин талаптарына ылайык келген лабораториялар курулган. Азыркы күндө эки лаборатория иштеп жатат. Алардын 2-3 бөлүмдөрү каттоодон өткөн. Бүгүнкү күнү ошол лабораториянын жардамы менен мал-чарба продукциясынан 44 ишкана ЕАЭБдин аймагына продукциясын сатып жатат. Азыркы күндө өкмөттүн жардамы менен дагы төрт лаборатория жаңы курулган.

Биржаны түзүү менен  өлкөнүн экспорту өсүп кетет деген күтүүлөрдөн алыс болуу керек. Мунун себебин мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев чыккан продукциянын көлөмү аздыгы менен түшүндүрөт. Учурда өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгү базардын жоктугунан эмес, көлөмдүн аздыгынан начар абалга кептелген. Ошондуктан биринчи кезекте логистикалык борборлорду жандантуу керек.

Өнүккөн өлкөлөрдүн ар биринде мындай биржалар түзүлгөн. Кыргызстанда болсо, көптөн бери айтылып келе жатат. Бирок азыр дагы бул маселенин ишке ашуусу кыйын. Себеби бизде көлөм өтө чакан. Чоң көлөм жок. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин Орусия жана Казакстандын чоң маркеттери даяр болуп турса дагы, андай көлөм бере албайбыз. Андыктан республиканын аймагында курулган логистикаларды жандантуу керек.

Эскерте кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге кирген мамлекеттерге 2017-жылы 156 миллион 987 миң долларлык айыл чарба өндүрүмү экспорттолгон. Анын ичинен Казакстанга 74 миллион, Орусияга 82 миллион 504 миң, Беларуссияга 388 миң долларлык товар экспорттолгон. Бул 2016-жылга карата 40,1 миллион долларга, же 34 пайызга көбөйгөнүн айыл чарба министрлиги айтууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache