Шашылыш кабар:

Парламенттин 10 айдагы ишинин жыйынтыгы

Парламенттин 10 айдагы ишинин жыйынтыгы
Саясат
0

28-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин IV сессиясы ишин жыйынтыктады. Буга байланыштуу парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков 29-июнда мыйзам чыгаруу бийлигинин 10 айда аткарган иши тууралуу маалымат берди.

Парламент 2017-жылдын сентябрынан, 2018-жылдын июнь айына чейин 124 мыйзам кабыл алып, президент 108 мыйзамга кол койгон. Жогорку Кеңеш жарандардын 24 миңге жакын кайрылуусун карап, шайлоочулар менен 1200дөн ашык жолугушуулар уюштурулган. Акыркы күндөрү депутаттардын жыйындарга катышпай жатышы сынга кабылган. Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган дооматтарга төмөнкүчө жооп берди.

— Добуш берүүгө келгенде добуш берүү процедурасы жүрүп жатат, келип каттоодон өтүңүздөр дегенде депутаттар каттоодон өтүп, кворумду камсыз кылып берип жатат. Кворум камсыз болгондон кийин мен ишти улантышым керек. Депутаттар болсо ошонун негизинде добуштарын беришүүдө.

Маселен 25-июнда парламенттин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынына бир гана депутат келгендиктен, кворум жок жыйын өтпөй калган. Ага чейин Жогорку Кеңештин жалпы отурумуна 11 гана депутат катышканы талкуу жараткан. Анткен менен спикер парламенттин ишине жогору баа берет. Айрыкча коррупция менен күрөштө эл өкүлдөрү кесиптештерине дагы карабаганын айтып жатат.

— Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттардын дагы аты аталды. Мына ошол депутат камакка алынып, иши тергөөдө. Коррупция Жогорку Кеңештин ичинде дагы болуп жатат. Мен, биз коррупция менен күрөшүп жатабыз деп айта алам. ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде эки экс-премьер убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүүдө.

Төарага «Кызматтык абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн» деп айыпталып жаткан «Бир Бол» фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев боюнча дагы суроого жооп берди. Ага айыбы угузулуп, издөө жарыяланган жана сыртынан камакка алуу чечими чыккан. Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миӊ доллардын жоголушу жана Шадиевдин мандат маселеси тууралуу спикер буларга токтолду.

— Шадиев Эл аралык комитетти жетектеп турганда «Ооба, 2017-жылы сыйлыктын лауреаты такталды, ага каражат бөлүнүп берилсин» деген катка кол коюп берген экен. Бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө, жыйынтыгы чыгат. Экинчи иш дагы козголду. Башкы прокурор Жогорку Кеңешке (камакка алуу боюнча сунушту) мыйзамдын чегинде алып келсе, парламентте депутаттар өзүлөрү чечет.

Эми Жогорку Кеңештин жылдык бюджетине келсек. Коомчулукта парламент ашыкча чыгым кылат деген сын-дооматтар көп айтылат. Төрага Дастанбек Жумабеков болсо Жогорку Кеңеш бөлүнгөн каражатты болушунча үнөмдөп жатканын айтып ишендирүүдө.

— Бир жылдык бюджетти жалпысынан 786 млн сом деп беребиз. Аягында 760 млн сом менен жылды жаап жатабыз. Биз 20 млн сомдон, 30 млн сомго чейин үнөмдөп кайра бюджетке төгүп берүүдөбүз. Айрым журналисттер бир депутатка мынча акча туура келет экен деп таратып жиберишүүдө. ЖКда 120 депутаттан тышкары аппаратта 1000ге жакын биздин эле атуулдар иштеп жатат. Алардын айлыгына дагы кетет.

Эске салсак VI чакырылыштын депутаттары өздөрүнө берилген айрым артыкчылыктардан баш тартып, кызматтык автоунааларды колдонбой, кызматтык батирлерден баш тартышарын айтышкан. Бирок спикер учурда 15 депутат парламенттин карамагындагы турак-жайда жашап жатканын ачыктап, анын себебин түшүндүрдү.

— Жогорку Кеңеш үчүн мыйзамдуу атайын салынган 30 батирлүү турак-жай бар. Бүгүнкү күндө бул батирлерде 15ке жакын депутат жашап жатат. Алар региондон келип, Бишкек шаарында үйү жок болгон депутаттар.

Төрага өткөн сессия саясий окуяларга бай болгонун, парламентте бир топ чечимдер кабыл алынып, чуулуу иштерди иликтөө үчүн депутаттык комиссиялар дагы түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле мамлекеттин тышкы карызы тууралуу суроого жооп берип жатып каражат топтоо үчүн Жогорку Кеңештин алдына атайын эсеп ачуу каралып жатканын билдирди.

— Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич эсеп ачуу боюнча демилге көтөрүп жатат. Парламенттин алдындагы башкармалыктын карамагында фонд ачалы деп сүйлөшүп жатабыз. Юридикалык жагын карап, эгер жол берсе фонд ачылат. Биз бирөөнү мажбурлап акча төк дебейбиз. Бир сом болобу, бир тыйын болобу көңүлүнөн чыккан акчаны берсин деп жатабыз.

Басма сөз жыйында парламенттеги оппозиция боюнча дагы маселе козголду. Спикер «парламентте оппозиция бар, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» ар дайым өз пикирлерин ачык айтып келишкен», — деди.

Жогорку Кеңеште жалпы алты фракция бар. Алардын ичинен КСДП, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары көпчүлүк коалицияны түзөт. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен»  фракциялары оппозициялык блокто.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache