Шашылыш кабар:

Босого: Исламдан кабары бар аялдар терроризмге барбайт

Босого: Исламдан кабары бар аялдар терроризмге барбайт
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку чыгарылышында  “Мутакалим” прогрессивдүү аялдар коомдук бирикмесинин теологдору Изаура Масеитова жана Раяна Батыралиева менен “Аял жүздүү террорчулук. Аялдар терроризмге каршы” деген теманын негизинде ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Масеитова:

Аялдар үй-бүлөдөгү, коомдогу милдеттирин так билүүгө аракет кылышы керек…

Ислам тарыхын карасак сахабалардын аялдары жихадка чыкканы тууралуу айтылбайт. “Жихад” деген кандайдыр бир кол салуу болсо, өзүңдү, мамлекетти коргоо дегенге барабар. Жихад дегенде эле дароо согушууну ойлоп алышат. Ал кичине жана чоң жихад болуп экиге бөлүнөт. Чоң жихад — адамдын өз напси менен күрөшүүсү. Сирия жана башка мамлекеттерге аялдардын кеткени такыр туура эмес. Ар бир мусулман өз үй-бүлөсүн камсыздап, кароого милдеттүү. Ата-энелерине кызмат кылуу, балдарды кийинтип, аларга жакшы тарбия берүү дагы жихад катары саналат. Аял киши жолдошунун уруксат сурабай, балдарын кароосуз калтырып, жихадка барам деп кеткени туура эмес. Бул күнөө болуп эсептелет.

Аялдар туура эмес диний уюмдарга киргенден алыс болуп, үй-бүлөдөгү, коомдогу милдеттирин так билүүгө аракет кылуусу абзел. Алсак, турмушка чыккан кыз жолдошунун, ал эми үй-бүлө кура элек кыз ата-энесинин уруксаты менен сыртка чыгат. Аял жолдошун ыраазы кылууга аракет кылышы керек. Эксперттердин берген баасына ылайык, аялдарды окутпай, иштетпей басмырлагандыктан айрымдар жолдошун да укпай Сирияга кеткен учурлар болот экен. Ошондой эле жумуш жоктугунан, үй-бүлөнүн экономикалык абалы начар болгондуктан улам кетиши мүмкүн экенин белгилешет. Демек, илим аз, көйгөйлөрү көп аялдар ошол жакка кетип калаары маалым.

 “Мутакалим” коому алты багытта иш алып барат…

“Мутакаллим” коому алты багытта иш алып барат. Алар радикализм, экстремизмдин алдын алууга багытталган. Багыттарга токтолсок, биринчден аялдардын аң сезимин жогорулатуу; экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү; үчүнчүсү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун жогорулатуу; чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусун кеңейтүү; аялдардын диний билимин жогорулатуу жана кайрымдуулук.

Андан сырткары, 2003-жылдан бери абактагы аялдар менен да иштешип келе жатабыз. Бул жыл аралыгында аларга салтту дин боюнча жума сайын сабактар өтүлүп келе жатат. Ошону менен катар түрдүү тренингдерди уюштуруп, экинчи кол акчиясын көрсөтүп, материалдык колдоо да көрсөтүп келебиз.

Айрым аймактардагы жана абактагы аялдарга диний сабактар өтүлөт…

20 жылга жакын убакыттан бери жетим балдар жана жесир аялдар менен дагы иштешип келүүдөбүз. Алар үчүн өлкө боюнча ар бир аймакта өкүлчүлүктөр бар. Ал жердеги мугалимдер жума сайын айылдарга барып, жергиликтүү аялдарга, жубайы кайтыш болгондорго сабак беришет. Ислам негиздери, Куран окуу, туура ибадат кылуу, акыйда маселелери боюнча талимдер өтүлөт.

2013-жылдардан бери радикализм жана экстремизмге каршы иштеп келебиз. Аймактарда аялдарды топтоп дал ушул маселелер, өлкө мыйзамдары боюнча маалымат беребиз. Мыйзамга каршы келген иштерди да түшүндүрөбүз. Радикализм жана экстремизм тууралуу роликтерди тартып жатабыз. Анткени окуганды көпчүлүк каалай бербейт. Анын үстүнө роликтер жакшы таасир калтырат. Дин иштери боюнча мамлекетитк комиссиясы, жаза аткаруу кызматы жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштеп келебиз. ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери биздин иш-чараларга келип, лекцияларды окуп беришет. Биз айымдардын коому болгондуктан аялдардын абагы менен да кызматташабыз. Уюмдун максаты аялдардын укугун коргоо болуп саналат. Ошондуктан абактагы аялдарды да көз жаздымда калтырбайбыз. Айт майрамдарында базарларда иштеген айымдар демөөрчү болуп, жардам беришет. Ар кандай долбоорлордун негизинде иштеп келе жатабыз.

Балдарды жайкы медреселерге берүүдө кылдат мамиле кылуу зарыл…

Ислам университетин бүтүргөн кыздар Абу Ханива мазхабын, Матрудий акыйдасынан сабак беришет. Динден такыр түшүнүгү жок элге алгач бир мазхабты үйрөткөн жакшы. Себеби эки башка мазхаб тууралуу билим алгандардын ортосунда “меники туура” деген пикир келишпестиктер чыгып кетет. Төрт мазхаб тен туура, аны айтабыз. Балдарды мекенди сүйүүгө тарбиялап, башка уюмдарга кирип кетпесин деп Ислам дини тууралуу аз да болсо маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мектепте кадимкидей билимин алышат. Алардын ата-энесине балдар светтик билим алышы керектиги тууралуу маалымат беребиз. Өлкөдө чет мамлекеттен келген уюмдар көп, андыктан балдарды жайкы медреселерге берип жатканда да кылдат мамиле кылуу зарыл. Уюмдун каттоодо турганын текшерип, сак болгон туура.

Террористтер аялдарды да өздөрүнүн чөйрөсүнө тарта башташты…

Террористтин дини, улуту жок. Террорист дегенде көпчүлүк эркектерди түшүнөт. Террористтер бара-бара аялдарды да өздөрүнүн чөйрөсүнө тарта башташты. Эми биз аялдарды колдонуп, алардын үгүттөрүнө каршы чыгышыбыз керек. Ислам дини күчөп жаткандыктан аялдарга көңүл бурулбай калып калууда. Алар менен көбүрөөк иштешип, диний билимди берип, жумуш менен камсыз кылып, убакыт бөлүп жигердүү иштеп башташыбыз керек. Айтсак, аял сырттан уккан сөзүн үй-бүлөсүнө айтып келет. Демек, аялдарга динди үйрөтсөк жакшы, алар маалыматты башкалар менен бөлүшөт. Айымдарда потенциал, күч көп, аны туура жакка колдонуп, баалашыбыз керек.

Арабдар деп чочулоонун кажети жок…

Арабдар деп чочулоонун кажети жок. Алар бизге чоң жардамдарды берип жатышат. Мисалы, документтерди чогултуп балдарга демөөрчү издесек жергиликтүү жарандардын материалдык колдоо көрсөтө тургандар чыкпайт. Кээде өзүбүздүн жарандар демөөрчү болсо дагы 1-2 айда “каражатым жок” деп токтотуп коюшат. Бирок арабдар бизге көп жардам берип жатат, алардан Аллах ыраазы болсун деп айтар элек. «Акча берем» деп келген арабдарга да өзүбүздүн талаптарды коёбуз. Биздин эрежелерди кабыл алган фонддор менен гана иштешебиз.

Муфтиятта аялдар бөлүмүн ачуу керек…

Муфтиятта аялдар бөлүмү ачылып, жарым жылдын ичинде кайра жабылып калды. Кошуна өлкөлөрдүн муфтиятында аялдардын бөлүмү, ар бир региондордо өкүлдөрү бар. Демек, Кыргызстанда гана жок, бизде гана аялдарды этибарга албай жатышат. Мамлекеттик колдоо жок болгондуктан, “мутакаллим” уюмунда иштеген аялдарды айлык акы менен камсыздай албай жатабыз. Көптөгөн кыздар диний билим алганы менен жумушсуз калышууда. Муфтиятта аялдар бөлүмү ачылса, айымдар дагы иштеп, маяна алмак. Ар бир аймакта бирден өкүл болгондо дагы бир топ жакшы болмок. Муфтият аялдар тууралуу көйгөй жаралса “Мутакаллимге” жиберет. Бирок муфтият биз менен кызматташкысы келбейт.

Батыралиева:

Динден түшүнүгү жок аялдар Сирияга кетип, терроризмге аралашууда…

Аялдар илимдин аздыгынан терроризмге аралашып, Сирия сыяктуу мамлекетерге барат. Шарыятта дагы жихад тууралуу айтылат. Бирок жихад дегенде биз дароо согушууну түшүнбөшүбүз керек. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда 17 жаштарындагы бир жигит келип, жихадка чыгууну каалап жатканын билдирет. Анда Пайгамбарыбыз (сав) келген кишинин ата-энеси бар экенин билгенде, аларды караган дагы жихад катары эсептелээрин айткан. Алардын максаты Аллахтын ыраазычылыгы үчүн шейит болуу эле. Бирок Пайгамбарыбыз (сав) ата-энесин кароого буюруп, жихадга уруксат берген эмес. Динден түшүнүгү жок аялдар Сирияга кетип жатат. Алар хиджап кийип, намаз окушу мүмкүн, бирок динден толук кабары жок. Башка уюмдардын үгүт-насааты күчтүү болуп, кандайдыр бир нерселер менен кызыктырып, алып барышууда. Дин тууралуу эч кандай маалыматы жок кыздарга келип, “Сирияда ушундай шарттар бар” деп азгырышы мүмкүн. Балким алардын аракеттери бизге билинбейт, бирок ошол жол менен өздөрүнө бир топ адамдарды чогултушкан. Орто билимдүү болсо да, жихад, Исламдан түшүнүгү бар аялдар терроризмге барбайт.

Балдар башка уюмдарга кирип кетпеши үчүн дин үйрөтүлөт…

Ата-энелердин баарында баласын медресеге бере турган шарты жок. Ошондуктан биз айылдарга барып диний сабактарды беребиз. «Мутакалимдин» ар бир региондордо кеңселери бар. Балдар апалары менен бирге жумасына бир жолу сабака келишет. Алар башка уюмдарга кирип кетпеши үчүн Исламдын негизинде туура багыт берүү максатында балдарга динди үйрөтөбүз. Бир гана акыйда маселеси, Куран тууралуу эмес демөөрчүлөрдүн жардамы менен балдарга кызыктуу иш-чараларды уюштурабыз. Мүмкүн болушунча сабактарды жакшы өткөнгө аракет кылабыз.

Исламга зыянын тийгизген иштерди аткарбай койгон оң…

Кара түстөгү жоолук салынган аялдарга биздин коомчулук коркунуч менен карайт. Бизди жардырып кетпейби деген чочулоо менен карашат. Андыктан Кыргызстанда кара жолуктун ордуна башка түстү колдонгон жакшы. Динге берилиш керек, бирок динди өтө катуу карманган же тескеричинче динден алыстап кеткен да коомчулук тарабынан жат кабыл алынат. Дегеним, динде орто жолду кармануу зарыл. Мусулмандардын кемчилигин көрүп, жалпы Ислам дини тууралуу бир пикирге келип алгандар да жок эмес. Андыктан Исламга зыянын тийгизген иштерди аткарбай койгон оң. Динди карманууда айлана-чөйрөгө да маани бериш керек. Алсак, биз араб мамлекетине барсак кара кийим кийгенге мажбур болобуз. Анткени түстүү кийинип жүрсөк жергиликтүү аялдардан айырмаланып, өзүбүзгө көп көңүл бурдуртуп калабыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache