Шашылыш кабар:

Премьер-министр: ишкердик үчүн атайын акыйкатчы институту ачылат

Премьер-министр: ишкердик үчүн атайын акыйкатчы институту ачылат
Экономика
0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн алдындагы бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин жыйынында ишкерлер менен жолугушту. Өкмөт башчы аталган иш-чарада аймакты өнүктүрүүгө жана ишкердик үчүн түзүлгөн шарттарды жакшыртууга басым жасарын айтты. Алсак, жакынкы 5 жылда өлкөнүн ар бир облусуна аз дегенде 300 млн доллар инвестиция салынышы керек. Аны менен катар эле 2022-жылы “Бизнести жүргүзүү” тагыраагы “Doing Business” деп аталган эл аралык рейтингде Кыргызстан мыкты деп аталган 50 өлкөнүн катарына кириши керек. Анан дагы Абылгазиев 2023-жылга чейин ички дүң продукциянын үлүшүн 50%га чейин өстүрүү керектигин белгиледи. Бул үчүн ишкерлердин укугун коргогон институт да ачыларын жар салды.

Ишкерлердин жана бизнестин кызыкчылыктарын өз учурунда жана максаттуу коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун киргизебиз. Бул боюнча кеңештин мүчөлөрү жана бизнестин өкүлдөрү өздөрүнүн ойлорун айтып, институтту түптөгөнгө жана механизмдерин иштеп чыкканга салым кошосуздар деп ишенем. Бул биздин экономикалык саясатыбызда эң жогорку деңгээлде көңүл бурула турган тармак болот деп ойлойм.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер өзүнүн сунуштарын жана ишкердикке тоскоолдук жараткан факторлор жөнүндө сөз кылышты. Жалал-Абадда ишкерлерге жактоочулук кылып, өзү да ишкерлик кылган Бакыт Борошов документтик иштердеги маселени козгоду. Ал сырттан инвестор келсе, уруксат алуу үчүн Бишкек шаарына келүү керектигин айтат. Бул инвесторго да терс таасир этерин белгилеп, коррупциялык аракеттерге жол ачарын билдирди.

-Жалал-Абадга ишкана курабыз деп Орусиядан чоң ишкер келди. Бирок биз катталуу үчүн Бишкекке келе турган болдук. Келип арыз жазсак, “3 күндөн кийин келесиңер”,-деди. Инвестор 3 күн үчүн кайра Орусияга кетти. Кайра келсе болбогон себепти айтып, бизди каттабай койду. Андан кийин дагы 3 күн талап кылды. Эмне үчүн Юстиция министрлиги бул укукту аймактарга берип койбойт? Бул көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан маселе.

Бул боюнча азыркы учурда мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын, Жогорку Кеңеш колдоп берсе, күз айларында ишке ашарын юстиция министрлиги кабарлады. Ишкерлерди түйшөлткөн маселелерди дагы бири мыйзамдардагы ич ара карама-каршылык. Ошонун айынан коррупциялык иштерге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Мындай абалга кабылган ишкер ашыкча иштен качып, тиешелүү кызматкер сунуштаган акчаны берип чечип алат. Мындай оюн Бизнес-ассоциацияларынын улуттук альянсынын кеңешинин төрагасы Улук Кыдырбаев айтты. Ошол себептүү мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү бир сыйра карап, жөнгө салуу керектигине басым жасады.

-Уруксат берүүгө келгенде жооптуу кызматкер же 1 жуманын ичинде же 1 жылда берет. Мындай мүмкүнчүлүктү кызматкер көрүп туруп, өзүнүн кызыкчылыгын алдыга коёт. Ага 500 сомдон 500 миң сомго чейин айып салууга укук берилген. Жоопкер каалаган суммасын коё берет. Бул – коррупциялык нормалар жана мындай аябай көп.

Ишкерлердин арасында өкмөткө өнөктөш болуу сунушу менен да кайрылгандар болду. ЖИА бизнес-ассоциациясы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата ар кайсы өлкөдөн 100 бизнес өкүлүн чакырып, инвестиция тартуу максатында форум өткөрө тургандыгын жарыялады. Ошол себептүү өкмөткө кайрылып, конокторду чакыруу жагынан көмөк көрсөтүүсүн сунуштады. Аталган бизнес-ассоциациянын аткаруучу директору Фархад Пакыров калган уюштуруу иштерин өздөрү жүргүзөрүн белгиледи.

-Биз инвестициялык форум өткөрүп, ага дүйнө жүзүнөн 100 белгилүү ишкерлерди, эксперттерди чакырууну көздөп жатабыз. Аларга Кыргызстандагы реалдуу инвестициялык долбоорлорду сунуштайбыз. Эксперттер менен экономикадагы өзгөрүүлөрдү жана тренддерди талкуулап, өлкөбүздү дүйнөдөгү белгилүү инвесторлорго жарыяласак деген максатыбыз бар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт бул саамалыкты колдой тургандыгын айтты.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache