Шашылыш кабар:

Омбудсмендин орду бош калды

Омбудсмендин орду бош калды
Саясат
0

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда тапшырды. Коомчулукта болсо омбудсмендин бош калган ордуна кандай адам келиши керек, деген маселенин айланасында талкуу жүрүп жатат.

Президент, спикер кийлигишкен кызмат

Жогорку Кеңеш Кубат Оторбаевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызын 27-июнда кабыл алды. Ал акыйкатчы болуп 2015-жылдын аягында шайланган. Эми омбудсмендин бош калган ордуна ким келээри кызыгууларды жаратууда. «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева «буга чейин акыйкатчынын кызматын президент чечип келген», — дейт.

— Президент менен сүйлөшүп, президент парламентке сунуштап эле депутаттар кол көтөрүп өткөрүп койчу. Бизде бул орунга чиновниктерди отургузуп коюп жатышпайбы. Дүйнөдө болсо атайын талаптар бар. Акыйкатчы адискөй, юридикалык билими бар, элге таанымал киши болуш керек. Бизде дагы ушундай болсо жакшы болмок.

2015-жылы акыйкатчылыкка талапкерлерди тандоодо парламентте бир топ талаш-талкуулар болгон. «Республика-Ата Журт» фракциясы көрсөткөн Атыр Абдрахматова 3-турга чейин барып, парламент аны жактырган эмес. Фракциянын ошол кездеги лидери Өмүрбек Бабанов муну «бут тосуу» деп баалаган. Мурдагы омбудсмен Турсунбай Бакир уулу акыркы жылдары бул кызматтын тагдырын спикер дагы чечип калганын айтууда.

— Тунгуч акыйкатчы эле президенттин кийлигишүүсүз шайланган. Парламенттик өлкөдө акыйкатчынын кызматын бир эле президент эмес спикер дагы чечип коюшу мүмкүн экен. Кайсы гана өлкөдө болбосун акыйкатчы жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын биринчи орунга коюш керек. Анткени бул өтө ыйык милдет. Саясатчыбы, саясатчы эмеспи, юристпи же юрист эмеспи бул кийинки орунда турат.

«Партиялардын кызыкчылыгы күч»

Эми Оторбаевдин кызматтан кетиши менен парламент жаңы акыйкатчыны шайлоосу зарыл. Мыйзам боюнча бул кызматка Жогорку Кеңештеги ар бир фракция үчтөн көп эмес талапкер көрсөтө алат. Жарандык активист Рита Карасартова буга чейин акыйкатчылыкка эки ирет талапкерлигин койгон. Ал омбудсменди шайлоодо партиялык кызыкчылык алдыга чыгып, адискөйлүккө көңүл бурулбай жатат деп эсептейт.

— Партиялар тизмесинен бирөөнү чыгара калып эле, биздин партиялашыбыз адам укугун жакшы билет деп алдыга сүрөп жатышат. Акыйкатчы институту бул адамдардын укугун сактай турчу институт. Мыйзамда дагы ушинтип жазылган. Омбудсмен адам укугу боюнча парламентке бир жылда бир келип отчет берип койбостон, ай сайын, жума сайын келип соттор мындай иштеп жатат, тигил жерде ур-тепкиге алып жатат деп күндө келип айтып туруш керек. Президентке чейин кирип, парламенттин трибунасын дагы колдонуш керек.

Карасартова бул ирет дагы анын талапкерлигин көрсөтүү өтүнүчү менен фракцияларга кайрыла турганын ачыктады. Ал эми талапкер парламент депутаттарынын 50дөн кем эмес добушун алса, акыйкатчы болуп шайланат. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиев акыйкатчы жана анын ыйгарым укуктары боюнча буларга токтолду.

— Акыйкатчынын көз карашы бир партияга же топко жакын болбошу керек. Калыс, эгер мүмкүнчүлүк болсо жашы улуураак болсо. Ал эми саясий амбициясы бар кишилер шайланганда болбой калууда. Акыйкатчынын парламентке байланганы туура эле. Бирок кылган иши кандай болуп жатат, маселе ошондо. Ишин аткарбай кызматын коргоп турса анда ийгилик болбойт. Мыйзамда болсо жакшы жазылган, акыйкатчынын укугу дагы мүмкүнчүлүгү дагы бар.

Акыйкатчы парламенттин көзүн карайбы?

Ал ортодо парламент омбудсменди качан шайлайт деген суроо жаралды. Себеби депутаттар каникулга чыгып жатат. Айрым эл өкүлдөрү акыйкатчы парламент эс алуудан келгенден кийин шайланарын айтса, кээ бирлери зарыл болсо кезексиз жыйынга чогулууга туура келерин билдиришүүдө.

Ошондой эле акыйкатчынын ыйгарым укуктарына байланышкан маселе дагы козголду. Мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев Кыргызстанда омбудсмендин өз алдынча, көз карандысыз иш алып баруусуна шарт жок экенин айтып жатат.

— Кыргызстанда акыйкатчыга өз милдетин так аткарууга толук шарттар түзүлгөн эмес. БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Париж принциптеринин негизинде акыйкатчы саясий жактан, финансылык жактан бийликке көз каранды болбош керек. Бийликке отчёт бербеш керек. Адам укуктарынын сакталышы боюнча маалымат гана бериш керек. Тилекке каршы Кыргызстанда акыйкатчыны «акыйкатчы жөнүндө мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө ылайык» Жогорку Кеңешке баш ийдирип койгон.

Ушундай эле сындар жарандык коом тарабынан дагы байма-бай айтылып келет. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева «Марал» радиосуна курган маегинде комитетте акыйкатчынын ыйгарым укуктарын кеңейте турган мыйзам долбоору каралып жатканын билдирген.

— Тармактык комитетте Акыйкатчы институтуна кенен мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору каралып жатат. Негизи бул институт адам укуктарын, мигранттардын укуктарын сактап, зордук-зомбулукка кабылган жарандардын укуктарын коргош керек. Акыйкатчы саясаттан алыс болуп, саясатка киришпеши керек. Менин пикиримде ошондо гана парламент тарабынан эч кандай нааразычылыктар болбойт.       

КСДП кызматтан кеткен Кубат Оторбаевдин аткарган ишин жактырган эмес. Фракция «Оторбаев фракциянын жыйындарына келбейт. Кызматка киришкенден бери бир дагы жолу отчет берген жок» деп сындаган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache