Биз менен байланышыңыз

Декларация боюнча прокурорлор жоопко тартылат (тизме)

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 1135 | 0

Башкы прокуратура мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тапшырган Бирдиктүү декларациясын текшерди. Анын жыйынтыгында 15 прокуратура кызматкери жана 11 Тышкы иштер министрлигинин кызматкери жоопкерчиликке тартылсын деген чечим чыгарылган.

Бирдиктүү декларация тапшырууда Тышкы иштер министрлигинин бир катар кызматкерлери мыйзам бузган. Алар:

-Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу жана анын орун басарлары;

-Кыргызстандын Бириккен арап эмиратындагы элчисинин кеңешчиси, үчүнчү катчысы, элчиликтин башкы адиси;

-КРнын Германиядагы элчисинин кеңешчиси, консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы.

Ошондой эле, Кадамжай районун акими, Баткен шаарынын мэри, Өзгөн районунун мурунку акими, Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусу боюнча атайын өкүлү, БШКнын Ак-Суу, Ноокат, Таш-Көмүр аймактык атайын өкүлдөрү Административдик жоопкерчиликке тартылсын деп айтылган.

Мындан тышкары, бир катар прокуратура кызматкерлеринин да бирдиктүү декларация тапшырууда мыйзам бузгандыгы аныкталган. Алар:

-Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы Медеркулов У.Т.

-Бишкектин Ленин райондук прокурорунун улук жардамчысы Жапаркулова У.А.

-Чүй районунун прокурору Алимов К.М.

Чүй облустук прокуратурасынын адиси Алимбаев Ж.М.

-Чүй райондук прокуратурасынын адиси Джумалиева З.А.

-Ысык-Көл облусунун прокурорунун улук жардамчысы Осмонов У.С.

-Ысык-Көл облустук прокуратурасынын башкы прокурору Айтбаев К.А.

-Түп районунун прокурору Урдалетова Э.Б.

-Түп районунун прокурорунун орун басары Адылбеков И.Т.

-Каракол шаарынын прокурорунун жардамчысы Токторбаев А.А.

-Түп райондук прокуратурасынын адиси Бектурсунова А.Б.

-Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун прокурору Каримов А.К.

-Талас облусунун Манас районунун прокурору Заиров Ж.М.

-Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарынын прокурору Сооромбаев М.Д.

-Башкы прокуратуранын жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башкы адиси Увалиев А.К.

Депутаттарды «байкуш» көрсөткөн декларация

Copyright © 2017 Maral FM