Шашылыш кабар:

Депутат Сулеймановдун жарандыгы кайра талкууда

Июнь 28th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Депутат Сулеймановдун жарандыгы кайра талкууда
Саясат
0

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынан депутат Бахадыр Сулеймановдо казак жарандыгы бар экени айтылууда. Бул маалыматты тастыктай турган документтер бар экендигин Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Токон Мамытов билдирип чыкты. Бирок Мамытовдун колундагы документтер жасалма экенин аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтат.


Жогорку Кеңеште депутаттардын арасында мамлекеттик сырды биле турган чет өлкөлүк бар. Бул тууралуу экс-вице-премьер-министр, азыркы Кыргыз Республикасынын элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, депутат Бахадыр Сулейманов казак жараны. Муну тастыктаган документтер бар. Бул маселе Сулейманов парламенттин бешинчи чакырылышына шайланып келгенде да көтөрүлүп, бирок Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнүн добушу жетпей каралбай калган.

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдо казак жарандыгынын бар экендигин тастыктаган документтер бар. Мен анын казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөсүн берүүгө даярмын. 2010-жылы ал 5-чакырылышка депутат болуп келди. Ошондо да фракция лидери Камчыбек Ташиев менен Бахадыр Сулеймановдун ортосунда жарандык тууралуу уруш чыккан. БШК деле  бул тууралуу билишкен. Ошол кезде БШКнын 7 мүчөсү  чет элдик жарандыгы бар үчүн депутаттын мандатын алууга чыккан. Башкача айтканда БШК мүчөлөрүнүн бир добушу жетпей калган. Эреже боюнча «каршы» болуп 8 киши чыкмак. БШК Сулеймановдун жарандуулугу тууралуу документти укук коргоо органдарына бериши керек болчу. Бирок алар анткен жок.

Ошондой эле, Мамытов Бахадыр Сулейманов башка мамлекеттин жараны болуп туруп, Кыргызстанга келип дунган Бирикмесинин башчысы болуп калгандыгына таң калды. Аталган бирикменин мүчөлөрү Сулеймановдун жарандыгын тактоо үчүн Казакстанга суроо салышкан. 2013-жылдын апрель айында депутаттын «Казакстандын жараны» экендигин бышыктаган билдирүү келген. Ал башка мамлекеттин жараны болуп туруп мамлекеттик сырга кантип колу жетип калганын тиешелүү органдар текшерүүгө алуусу керек деп эсептейт.

-Документтерди укук коргоо органдарына жана башка тиешелүү кызматтарга бердим. Азыр Сулейманов 2010-жылы Казакстандын жарандыгынан чыкканмын деп жатат. Жарандыктан чыгып аткан учурда Казакстандын президентинин жарлыгынын атайын номуру берилет. Анда эмесе ошол документ жана жарлыктын номуру кана?  Ошондой эле Кыргызстандын президентинин аны жарандыкка кабыл алган жарлыгын көрсөтсүн. Ал ушуну да алып келе албайт. Биздин негизги мыйзамыбыз кош жарандуулукка жол бербейт. Мен койгон чет өлкөлүк Бахадыр Сулеймановго байланыштуу суроолордон кийин укук коргоо органдары жогоруда келтирилген фактыларга өзгөчө көңүл бурат го деп ойлойм.

Мындан улам айып тагылып жаткан депутат Бахадыр Сулеймановго кайрылып, малыматты тактоого аракет кылып, бирок аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ал эми фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов аталган маалымат жаңылыш экенин айтты.

-Кесиптешибиз Бахадыр Сулейманов тууралуу акыркы маалыматтарда ЖМКлардан угуп калдым. Айтылып жаткан сөздөр мага да күтүүсүз болду. Ошондон улам Сулеймановго кайрылып маалыматты тактадым. Ал документтердин баары Кордайдан эле жасалма жолу менен жасалганын айтты. Бул сөздөр боюнча депутат бир күнү журналисттерге маалымат жыйын берем деди. Менин билишимче Сулейманов кыргыздын эле жараны, Таласта чоңойгон. Болгону Казакстанда төрөлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов Токон Мамытовдун колундагы тастыктай турган документтер келип түшсө, анда мүчөлөр карай турганын билдирди.

Биз дагы кечээ массалык маалымат каражаттарынан окудук. БШК чын эле документтер бар болсо, аны караганга даяр. Депутатта казак жарандыгы бар экени буга чейин да козголуп, бизде каралган экен. Бирок ал учурдагы жагдайды азыр мүчөлөр билбейт. Эгерде Сулеймановдун жарандыгы боюнча маалымат берилсе, тиешелүү органдарга текшерүүгө жиберебиз. Алар аныктаса мыйзамга ылайык, Сулеймановдун  депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Өлкөдө аткаминердин кош жарандыгы билинип калган учурда мандатынан ажырап же кызматынан алынганы болбосо, эч кандай деле жоопкерчиликке тартылбайт. Ал эми шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер болуш үчүн Кыргызстандын жараны экенин көрсөткөн паспорт жана соттолбогону тууралуу негизги документтер жетиштүү.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова Сулеймановдо казак жарандыгы бар экени аныкталса, анда мамлекеттин коопсуздугуна чоң коркунуч жаратат деди. Анткени депутатка мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген. Ошондуктан мында чоң маселе жатат.

-Депутат админстративдик жоопкерчиликке да тартылып калышы мүмкүн. Ал Казакстандын да мыйзамдары менен жоопкерчилиги каралат. Эгерде казак жарандыгы аныкталса.

Буга чейин кош жарандуулугу аныкталган депутаттар мандатынан ажыратылган. Мисалы, быйыл жыл башында Казакстанда аткезчиликке байланыштуу шектүү катары кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун Тышкы иштер министрлиги «казак жараны» деп маалымдаган. Андан кийин БШК депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache