Шашылыш кабар:

Чарба айылы: Селдин айынан айдоо жерлер жарактан чыккан

Чарба айылы: Селдин айынан айдоо жерлер жарактан чыккан
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Чарба айылынын чечилбеген маселеси жөнүндө сөз кылдык.

Маалыматка ылайык, сел бир топ жылдардан бери жолдорду бузуп, жашоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Учурда таза суу жана жол маселелери курч. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Чарба айылынын тургуну Токторбек мырза:

— Айылда мал менен жан багабыз. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата бизге да карап коюшса. Каналдарды казып тазаласак да, сел каптайт. Бир жума суу берилсе, бир ай келбейт. Ул көрүнүш жыл сайын кайталанат. Сел жүргөн жерлерге түтүктөрдү орнотуп, сууну бир нукка салып беришсе болмок. Жылына жок дегенде 10 жолу сел жүрөт. Жолдорду бөгөп калат. Айыл өкмөтүнүн жардамы менен жолдорду ачкан менен кайра эле сел келет. Үйлөргө дагы зыян келип, үй-бүлөлөр көчүп чыкты. Дагы ондой үй-бүлө көчүшү керек. Сел катуу келген коркунуч 2-3 жерде бар. Сууну алыстан ташып ичебиз, мектептен чыгарган суу дагы шор. Таза суу менен камсыз кылабыз дегени менен бизге көңүл бурган киши да жок. Айылда жарыктандыруу жок, аймак  кароосуз калгандай. Мындан сырткары, бизге футбол аянтчасын куруп беришсе болмок.

Чарба айылынын жашоочусу Жаңылай айым:

— Таза суудан абдан кыйналабыз. Жаан жааган сайын сел жүрүп, каналды алып кетет. Биз суусуз калабыз, натыйжада башаттардан ташып ичүүгө туура келет. Булактар дагы жай келип, күн ысыган мезгилде соолуп калат. Мындан сырткары, жолдор селден көп жабыркайт. Мурда айдоо жерибиз бар болчу. Азыр аны да сел агызып кетип, шагыл басып калган. 5 сотых жер менен эптеп жашайбыз. Булактар соолуган учурда сайдан суу ташып ичебиз. Орточо эсеп менен 500 адам жашайт.

Чарба айылынын тургуну Клара айым:

— Бул айылда 1989-жылдары жашаганмын. 2007-жылы айылдан шаарга көчүп кеттим. Сел биздин үйдүн жанынан да өтөт. Айылда 3 жерде сел өтчү ири жолдор бар. 2007-жылы катуу сел келип, жарандардын турак жайы жараксыз абалга келип, тоо тарапка көчүүгө аргасыз болушкан. Үй бузулган соң, албетте жаратылыш дагы зыян тартат экен. Жашылдандыруу жок, таштак болуп калган. Таза суу маселеси мурдатан бери чечилбей келе жатат.

Чарба айылынын жашоочусу Марина айым:

— Чарба — менин балалыгым өткөн айыл. Мурда айтып бүткүс кооз болчу, азыр таштак болуп калды. Унаа менен ары-бери өткөндө кыйналабыз, кейиштүү абалда. Бизден башка айылдар жетишип, жакшы болуп калган. Жергиликтүү тургундар жолдорду сүрдүрүп, жашоо шартын жакшыртууга аракет кылып келет. Бирок кайра эле сел келип, жолдорду бузуп, айдоо жерлерге зыян келтирет. Айдоо жерлерди шагыл басып, үрөн сепкенге шарт жок. Сел коопсуздугун карап, дамбаларды куруп беришсе жакшы болмок.

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Батыркул Шабданов:

— Жаан жааса сел келет. Биздин айыл өкмөт датацияда турат. Ошого карабастан өзүбүздүн кучүбүзгө байланыштуу сугат каналын тазалап ишке киргизебиз. Бирок каражат тартыш, улам тазалаганга мүмкүнчүлүк болбойт. Бул жылдын эсебинен 350 миң сомго бардык каналдарды тазалатсак, жамгыр жаап, сел жүрүп 2-3 канал кайра толуп калды. Бул боюнча ӨКМге билдирүү бергенбиз. Министрлик бир катар оңдогон, бирок дагы эле сел келип, сугат каналды басып калат. Жер шарты абдан татаал. Элдин күчү менен аракет кылып, калкка суу бергенге аракет кылабыз. Сел чыккан сайлардын оозуна түтүк орнотуп, үстүн жаап сууну өткөрүп турсакпы деген ойлор бар. Селден жашоочуларга көп коркунуч келбейт. Сел айылдын үстүндөгү канал аркылуу агып өтөт. Каналды тосууга жергиликтүү эл менен бирге аракет кылганбыз. Бирок сел келген сайын суу кеткен канал толуп калууда. Ошол учурда эл сугат суудан кыйнылып калууда. Айыл таза суу менен камсыз кылуу долбооруна кирген. Ал 2020-жылдан тарта ишке кирээри айтылган. Долбоордун алкагында бир нече айылдар таза суу менен камсыз болот экен. Ал 2022-жылга карата бүтөөрү пландалган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов:

— Айылдагы кырдаал тууралуу маалыматыбыз бар. Илгертен бери Эшме-Сай, Камыш-Сай деген сел өтүүчү сайлар бар. Алар Кара-Жыгач айыл өкмөтү менен Кара-Суу айыл аймагынын ортосунда жайгашкан. Көп жылдан бери эки айыл өкмөтүнүн элине коркунуч жаралып, акыркы жылдары Кара-Жыгачтын жашоочуларына өтө баштаган. Былтыр аймакка барып, жергиликтүү бийлик, аким менен биргелекте атайын чечим кабыл алдык. Ага ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын башчысы сел өтүүчү канал курабыз дегендиктен керектүү күйүүчү майлар ӨКМ тарабынан бөлүнүп берилген. Быйыл жумуштар бүттү. ӨКМдин мониторинг жүргүзүү департаментинин корутундусунун негизинде жарандарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча чечим кабыл алынган. Турак үйлөр көчпөй жатат. Эки үй-бүлө көчпөй жатат, бирок алардын короосунан сел өтүүчү сай казылып бүттү. Чарба айылында суунун нугун буруу министрликтин кырсыктын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш планында каралган. Азыр суу көбөйүп кеткендиктен иштер токтоп турат. Суу азайганда кайра башталат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache