Шашылыш кабар:

Талкууга айланган Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолдун курулушу

Июнь 28th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Талкууга айланган Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолдун курулушу
Кыска кабар
0

Жалал-Абаддан  Балыкчыга чейин жасалчу жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. План боюнча 115 чакырым жол жаңы курулат жана учурда пайдаланылып жаткан жолдор калыбына келтирилет. Жаңы курулчу кошумча жол Жалал-Абад – Бишкек — Балыкчы жолуна салыштырмалуу 330 чакырымга кыска болот. Долбоорго жалпы 855 млн. доллар каражат керектелет. Буга чейин Кытайдын “Эксим” банкынан 400 млн. доллар кредит алынган. Калган 455 млн доллар азырынча табыла элек. Альтернативдүү жол үч фазага бөлүнүп курулуп жатат. Анын биринчи фазасы Кытай берген насыянын эсебинен курулууда. Жалал-Абад-Казарман участогу 142 чакырымды түзүп, курулушу 2018-жылдын норябрь айына аякташы керек. Бирок жумуш кечеңдеп жатат. 2-фаза Арал-Казарман тилкеси 96 чакырымды түзөт. Ал эми 3-фаза Балыкчы-Кызыл-Жылдыз бөлүгү 161 чакырымды түзөт.

Инженер Кубанычбек Мамаевдин айтымында, долбоордун 1-фазасынын баасы 399 млн 989 миң доллар. Азыркы күндө 67%ы аяктады. Тоннелдин курулушуна байланыштуу графикте кечигүү бар.

Ал эми экинчи фаза 96 чакырымды түзөт. Тоолуу, татаал рельеф. Сейсмикалык абалга байланыштуу тоннелдин ордуна эстакадалык эки көпүрө курулууда. 1-көпүрө 400 м, экинчиси 1,76 чакырым. Алардын тирөөчтөрү жерге киргизилип, тереңдиги 40 метрге жетет. Адистердин айтымында мындай көпүрө Кыргызстанда алгачкы жолу курулуп жатат.

Долбоордун өзгөчөлүгү асфальттын сапатында жана технологиясында. Калыңдыгы 15 см, эки катмардан турат. 2-фазанын 59%ы аткарылды.

1-фазаны 2021-жылга, 2-фазаны 2020-жылы аяктоо пландаштырылууда.

China Road and Bridge Cо компаниясынын долбоорлоо боюнча координатору Султан Сарбагышевдин айтымында, «Лонг Хай» компаниясы салып жаткан Балыкчы-Корумду жолу менен салыштырып болбойт. Анткени тоолуу релефтеги жолду куруу учун атайын жол салуу, шарттарды түзүүгө да чыгаша кетет. Андыктан бааны жогору деп реабилитация же түз жол менен салыштырууга болбойт. 2-фазадагы көпүрөлөрдү эске албаганда 1 чакырым жол 2 миллионду чапчыйт.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 2-фазасынын туруктуу инженери Ибрагим Осоровдун айтымында, план боюнча 2-фазада майда 4 тоннел курулмак. Бирок бул аймактагы сейсмикалык абалга байланыштуу эки эстакадалык көпүрө куруу каралган. Көпүрө бийик курулуп, жол сууну бойлоп эмес, тоонун боорун оюп курулууда. Анткени келечекте Тогуз-Торо ГЭСин куруу планы каралган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache