Шашылыш кабар:

Алтыбаева: Акыйкатчы саясаттан алыс болуш керек

Алтыбаева: Акыйкатчы саясаттан алыс болуш керек
Күн Чабыт
0

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматтан кетээрин жарыялады. Бул тууралуу Акыйкатчы институту 26-июнда маалымат таратып, анда Оторбаевдин атайын кайрылуусу камтылган. Ал кызматтан кетүү чечимин өз ыктыяры менен кабыл алганын, ошондой эле аталган кызматта иштеп турган 2,5 жыл ичинде жасаган иштерин тизмектеп өткөн.

Биз Кубат Оторбаевбаевдин кызматтан кетиши боюнча Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева менен маек курдук.

Марал: КСДП фракциясы буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаевдин отчетун «канааттандырарлык эмес» деп тапкан эле. Оторбаевдин кызматын тапшырышына фракциянын чечими таасир эттиби?

Айнуру Алтыбаева: Акыйкатчы институту Кыргызстанда абдан маанилүү институт деп белгилеп кетким келет. Анткени бул институттун статусу бийик. Акыйкатчы адам укуктарынын сакталышы боюнча парламентке жыл сайын жылдык отчету менен келиши керек. Бул Баш мыйзамда, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча мыйзамда дагы так жазылган.

Кубат мырза 2016-жылдын, 2017-жылдын отчетун берген жок. мына 2018-жылдын жарымы аяктады, тилекке каршы акыйкатчынын отчетун дагы уккан жокпуз. КСДП фракциясы бул абдан маанилүү маселе деп, адам укуктары боюнча кандай иш чаралар болуп жатат акыйкатчынын баяндамасын угалы десек фракциянын отурумуна 3-4 жолу келген жок. Демек бул жерде процедуралык бузуулар болду. Биз негизинен акыйкатчынын отчетун фракцияда угуп, андан соң комитетте карап, кийин Жогорку Кеңештин отурумунда колдойлу деген максатта чакырганбыз.

Марал: КСДП фракциясынын мындай чечим кабыл алуусуна Кубат Оторбаев жылдык иши тууралуу отчет бербегени себеп болдуду же аткарган ишин жетишсиз деп таптыңарбы? Негизги себеби кайсы?

Айнуру Алтыбаева: Кубат Оторбаевбаев КСДПнын жыйынына келбегенден кийин акыйкатчынын отчетун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде карадык. Анда мен аталган комитеттин мүчөсү катары бир топ кемчиликтерин айттым. Көп суроолорго жооп ала албай калдым, кийин пленардык жыйынга келиңиз деп сунуштадым.

Ошондой эле Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитет Эсептөө палатасына берген сунушту сөзсүз текшериш керек. Менин маалыматым боюнча Акыйкатчы институтунда 2,5 жыл ичинде финансылык мыйзам бузуулар көп болду. Комитеттин чечимине аталган институтта сынак кылбай кадрларды кызматка алган учурлар боюнча дагы сунуш киргизгем. Кубат Оторбаевге ушулар боюнча дагы даярданып келиңиз деп сунуштагам. Мына эми комитет отурумунан бир жума өтпөй Кубат мырза өз арызы менен кызматтан кетти.

Марал: Буга чейинки акыйкатчылар дагы парламенттин демилгеси менен кызматтан кеитшкен эле. Айрымдар бул институт парламентке толук көз каранды болуп, өз алдынча иш алып бара албай калганын айтышууда.

Айнуру Алтыбаева: Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча тармактык комитетте Акыйкатчы институтуна кенен мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору каралып жатат. Негизи бул институт адам укуктарын, мигранттардын укуктарын сактап, зордук-зомбулукка кабылган жарандардын укуктарын коргош керек. Акыйкатчы саясаттан алыс болуп, саясатка киришпеши керек. Менин пикиримде ошондо гана парламент тарабынан эч кандай нааразычылыктар болбойт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache