Шашылыш кабар:

Акимов: Коррупция менен күрөшкө кошуналар кызыктар

Акимов: Коррупция менен күрөшкө кошуналар кызыктар
Саясат
0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылык кызматка талапкерлигин коюп жатып, Кыргызстандагы 35 коррупционердин тизмеси бар экенин айткан. Талапкерлердин ортосундагы уюштурулган  теледебатта өлкөдө коррупция менен күрөш дагы  катуу жүрөөрүн белгилеген. Бул багыттагы иштер президент Сооронбай Жээнбековдун  президенттик  кызматка келгенден тарта кескин байкалганын эксперттер айтууда. Мурунку чиновниктердин бир канчасы камакка алынганын ушуга байланыштырышат. Бул жолу дагы өлкө башчы коррупция менен күрөш ушул нукта уланаарын Жогорку Кеңештеги билдирүүсүндө айтты. Анда парламентте чечим кабыл алып туруп кайра артынан аны бошотуп коюу жөнүндө суранычтар түшүп жатканын белгиледи.

Коррупция менен күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон калат. Ал ким экендигине карабастан, бюджетке кол салгандар сөзсүз жазаланат. Коррупцияга каршы күрөш жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек. Уурулар байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, баса албай турган чөйрөнү түзүү керек.

Бирок Коррупция менен күрөш белгилүү бир ууч топко эмес, мамлекеттин акчасын жегендер толук жоопкерчиликке тартылышы керек. Мындай пикирин саясий серепчи Марат Казакбаев айтат. Ал Раимбек Матраимовдун ысымын атап, «Күрөш тандалма жасалбашы керек» — деди.

-Президент туура айтып кетти. Депутаттарды көрүп эле жатабыз. Камалгандарды чыгаргыла деп ак үйгө чейин чуркап, сурангандар бар. Бирок президенттин аракети менен коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Канчалаган чиновниктер камалды. Бирок мамлекеттин акчасын жегендерди тең карашабыз керек. Бир эле мисал айтайын Раимбек Матраимов канчалаган акчаны жегени менен бүгүнкү күнгө чейин кармалбай жүрөт….Күрөш текши жүрүшү керек.    

Мындай аракеттер бир гана президенттин өзүнүн демилгеси эмес, кырдаал ушуга алып келгенин саясий серепчи Турат Акимов белгилейт. Ал ички эмес сырткы күчтөр тараптан жасалышы мүмкүн. Тагыраагы Казакстан сындуу мамлекетте кармалган коррупционерлер боюнча ЕАЭБ мамлекет лидерлери тараптан дагы талап коюлушу ыктымалдыгы бар экенин Маралга билдирди.

Сооронбай Шарипович опурталдуу мезгилде бийлике келген киши. Ошондуктан коррупция менен эбегейсиз күрөшөбүз деп айтышы мүмкүн. Андан сырткары бул күрөш бир гана президенттин өзүнүн демилгеси эмес, сырттан карап турган дагы күчтөр бар. Ошол эле Орусия, Казакстанга зыян алып келген фактылар чыгып жатат. Анын негизинде КМШдагы өнөктөштөр айтышы мүмкүн.  

Коррупция менен күрөш ушул нукта уланышы үчүн биринчи кезекте коррупциялык системаны өзгөртүүгө  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов чакырат. Ал президент баш болуп турган чиновниктерди кармоого кеткен чыгымды кыскартып, мамлекеттик кызматта иштегендердин маянасын көтөрүү керектигине токтолду. Болбосо, аз акча менен бул көрүнүш дагы деле улана берүүсү мүмкүн.

Коррупция бир эле камоо менен чечилип калбайт. Ошондуктан коррупциялык системаны жоготуп, анын ордуна коррупциясыз системаны орнотмойунча мындай көрүнүштөр боло берет. Маселен президенттин жеке өзүнүн айлыгы 30 миң сом. Министрдики 25 миң сом. Анан башка кызматтагыларды айтпай эле коеюн. Анан ким коррупцияга аралашпай оокатын кылат?

Бул ыңгайдан система мамлекетте иштеген кызматкерлердин маянасы, чиновниктерди кароого кеткен каражаттын эсебинен көбөйтүлүшү керек.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнү коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакта отургандардын катары калыңдап жатат. Мурунку премьер-министрлер баш болгон чиновниктер убактылуу кармоочу жайда кармалып турушат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache