Шашылыш кабар:

Мунай продукциясын сыртка ташууга убактылуу тыюу салынат

Мунай продукциясын сыртка ташууга убактылуу тыюу салынат
Экономика
0

Эми өлкөдө өндүрүлгөн мунай продукциялары алты айга чейин сыртка ташылбайт. Тиешелүү мыйзамдын долбоорун Экономика министрлиги сунуштады. Учурда бул демилге коомдук талкууга чыкты.

Экономика министрлиги өлкөдө өндүрүлгөн мунай продукцияларын ноябрь айына чейин сыртка ташып чыгууга тыюу салуу сунушун берди. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыкты. Демилге өлкөдө мунай сырьесунун кескин түрдө жетишпей калышына жол бербөө максатын көздөйт. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев айтты.

Мамлекеттин муктаждыгы болсо, чектөөлөрдү киргизе алат деген норма бар. Бүгүнкү күнү өзүңүздөр жакшы билгендей, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция үчүнчү өлкөлөргө сатылып кетип жатат. Ошондуктан баалардын өсүп кетишине бөгөт коюу үчүн биз дагы Казакстан сыяктуу эле кайра иштетилген мунайдын заттарын үчүнчү өлкөгө чыгарбоо боюнча сунушун бердик. Бирок чечим чыга элек.

Кыргызстанда жылына 130 миң тонна мунай продукциялары өндүрүлөт. Бирок  коңшу өлкөлөргө мунай продукциялары дагы деле ташылып кетип жатат. Акыркы эки жылдагы көрсөткүчтү карасак, Өзбекстан жана Тажикстанга 27 миң тоннадан ашык чийки мунай чыккан.

А бирок ички керектөөгө жетпей, салынган заводдор толук кандуу иштебей келет.

Анткен менен үстүбүздөгү жылы Экономика министрлигине заводдордун кубаттуулугун жогорулатуу тапшырмасы коюлган. Бирок мунай продукциясын сыртка чыгарбоо талабы рынокко өтө деле таасири болбойт. Себеби ички керектөөнүн 20-25 гана пайызын түзүп калаарын Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов белгиледи.

Бул рыноктогу бааларга таасири өтө деле болбойт. Анткени Кыргызстандагы көлөм өтө аз. Чыгарылып жаткан сырьё 26 миң тонна болсо, андан 10 миң тонна продукция чыгат. Бизге бир миллион тонна керектелет. Ошондуктан чоң деле таасири болбойт.  

Кыргызстандын аймагында салынган заводдордун кубаттулугун алып карасак, Кара-Балтадагы «Жунда» заводу жылына 800 миң тонна продукцияны чыгарууга дарамети жетет. Токмоктогу завод 400 миң тонна. Ал эми Жалал-Абаддагы завод 500 миң тонна мунай продукциясын өндүрүүгө ылайыкталган.

Заводдун бул кубаттуулугу менен ички керектөөнү толук жабууга болмок. Ошону менен рынокто күйүүчү майлоочу баалар төмөндөйт деп айтылган. Бул жолку алты айлык чектөө дагы түшүм жыйноо мезгили аяктаганча бааларга таасири боло турганын Экономика министрлигинен кабарлашкан. Буга экономист Эркин Абдразаков ишенбейт.

Эгер мунайды өзүбүз өндүрсөк, анда тыюу салып коё алат элек. Чийки зат өзүбүздө чыкпагандан кийин, башка бирөөлөр кимден алып, канча баада сатаарын өздөрү билет. Ошондуктан тыюу салуу менен баа эч качан жөндөлбөйт.

Заводдорду чийки зат менен толук камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте Орусиядан башка дагы альтернативдүү жолдорду караштыруу турганын Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов айтат. Алардын ичинен Кыргызстан үчүн  эң эле ыңгайлуусу Казакстан.

Орусиядан алып келген мунай кымбатка түшөт. Ошон үчүн чийки затты алуу үчүн башка жакты карашыбыз керек. Кошуна Казакстандын Кызыл-Ордо деген жери бар. Бул бизге жакын. Жол киреси дагы арзан болот. Сапаты дагы жогору.   

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май 9,6 пайызга кымбаттады. Нефтетрейдерлер ассоциациясы баанын эң жогорку чеги май айына туш келип, кымбаттоо 5,8 пайызды түздү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache