Шашылыш кабар:

Карасартова:Тунгышбаев Казакстанга өткөрүлүп берилген болушу мүмкүн

Карасартова:Тунгышбаев Казакстанга өткөрүлүп берилген болушу мүмкүн
Күн Чабыт
0

25-июнда  Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга кайтарып берүү токтомун күчүндө калтырды. Соттук чечим кассациялык түрдө күчүнө киргендиктен эми УКМК Тунгышбаевди каалаган учурда Казакстанга өткөрүп бериши мүмкүн. Активисттин тагдыры жана аны алып калуу же өткөрүп берүү жагдайларын «Күн чабыт» программасында  укук коргоочу Рита Карасартова айтып берди.

ечээ Казакстандык активистти өз өлкөсүнө  кайтарып берүү боюнча токтомун  күчүндө калтыруу боюнча дагы бир чечим чыкты. Бул акыркы чечим болуп калдыбы? Эми Тунгышбаевди Кыргызстанга алып калуу боюнча кандай аракеттерди көрөсүздөр?

Кыргызстанда эч нерсе өзгөрбөй эле, президентти гана алмаштырганыбыз ушул жерде билинди. Калган УКМК, прокуратура жана соттор баягы эле күн карама боюнча калганын кечээ байкадык. Кыргыз элинде ар-намыс жоктой көрүндү. Биздин Кыргызстанда элди атып, мамлекеттик акчасын жеп кеткен кылмышкерлерди бир дагы пост советтик мамлекет бизге жөнөткөн жок. Ошол эле Беларусь, Орусияда эркин жүрүшөт. А биздикилер кылмышты жасай элек адамга чечимди шашылыш чыгарышы, дагы деле буюрмадан арыла экен экенибизди көрсөттү. Эми биз тараптан кандай иш кылынбаса дагы, анын мааниси жок. Анткени Тунгышбаевди балким түндө эле коопсуздук кызматы өткөрүп берип коюшу мүмкүн.

Бүгүнкү күндөн баштап «Кыргызстан укуктук мамлекет эмес. Кыргызстанда мыйзамдар иштебейт. Бизге баш калкалоо боюнча келбей эле койгула. Биздин мамлекеттин  ар-намысы, аброюу жок. Силерди сактап калууга дарамети жок»-деп  дүйнөгө ачык айтышыбыз керек.   

-Бул жагдайда Тунгышбаевди Кыргызстан кантип алып алууга болот эле? Мыйзамдык жактан алганда…

Мыйзамдык жактан ал биздин миграция кызматына кайрылган. Мага баш калкалоо бергиле дегенден кийин эле дароо иш башталышы керек болчу. Башка өлкөдөн киши  саясий жактан мени куугунттуктап жатат деп келсе, мамлекет дароо эле качкын макамын бериши керек эле. А биздин коопсуздук кызматы Миграция кызматы менен Тунгышбаевди жолуктурбай, ошол макамды берүүгө уруксат бербей койду. Бул дагы бир жолу УКМКнын чоң кылмышы болуп калды. Буга тарых баасын берет.    

Эл аралык Укук коргоо уюмдары дагы Кыргызстан активистке башпанек бериши керек деп жатышат. Эгер Казакстанга өткөрүлүп берилсе, Кыргызстандын аброю уюмдардын алдында кайсы акыбалга келүүсү ыктымал…?

Бул чечим бир гана Эл аралык уюмдардын алдында эмес, мамлекеттердин алдында өзүнүн аброюн көрсөтүп койду. Сөзүнө турбаган, мыйзамын жактай албай турган мамлекет болуп көрүнүп калдык. Демократиянын аралчасы деген макамыбызды жоготтук.

— Маегиңизге рахмат!

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache