Биз менен байланышыңыз

2019-жылы Ысык-Көл жээгинде олимпиадалык борбордун курулушу башталат

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 588 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Буэнос-Айрес шаарында өткөн Өспүрүмдөрдүн жайкы 2018-жылкы Олимпиадалык оюндарында ийгиликтерди багынткан атамекендик спортчулар менен жолугушту.

Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жолугушууга грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси – Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байгенин ээси – Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү – Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты. Аларга акчалай сертификаттар тапшырылды.

Абылгазиев спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктап, жогорку жыйынтыкарга жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз дүйнөлүк аренадагы сиздердин жеңишиңиздер менен сыймыктанабыз. Бул ийгилик, албетте, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында келди. Таймаштар дүйнөлүк  алдыңкы спортчулардын катышуусунда катаал шартта өттү.  Сиздердин жыйынтыгыңыздар биз үчүн Оюндардагы жеңишке тете», – деди премьер-министр.

Өкмөт башчы маалымдагандай, 2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын, ошондой эле спорттук стипендияларды жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Кийинки жылы Ысык-Көл жээгинде эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушу башталат. Анда спортчулардын ири эл аралык таймаштарга даярдык көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов аталган мекеме тарабынан  Өспүрүмдөр олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчуларды 2020-жылы Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарына даярдоого тийиштүү көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM