Шашылыш кабар:

Эксперт: Түркиядагы шайлоодо күмөн жараткан жагдай көп

Июнь 25th, 2018 | by Бахар Хакимова
Эксперт: Түркиядагы шайлоодо күмөн жараткан жагдай көп
Күн Чабыт
0

Түркияда өткөн мөөнөтсүз жана парламенттик шайлоодогу добуштардын баштапкы жыйынтыктары жарыяланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сади Гювен азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган элдин добушунун 52,5 пайызын топтой алганын жарыялады. Анын негизги атаандашы болуп жаткан оппозициядагы Республикалык — элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже 30,7 пайыз, Элдик -демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ — 8,4 пайыз, “Жакшы” партиясынын лидери Мерал Акшенер — 7,3 пайыз алды. Эми өлкөдө эмне өзгөрүү болот? Бул теманын алкагында эл аралык маселелер боюнча эксперт Искендер Ормон уулу “Күн чабыт” программасында суроолорубузга жооп берди.

Марал: Түркиянын тарыхында президентти түз шайлоо экинчи жолу болуп жатат. Мында өлкөнүн азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоганга беш саясатчы атаандаш болду. Анын добушу эң көп болгону жарыяланды. Бирок добуш берүү канчалык ачык өттү деп ойлойсуз?

Искендер Ормон уулу: Шайлоо өтө күмөндүү жагдайлар менен коштолду

-Бул шайлоо Түркиянын тарыхында эле эмес, мусулман калкы жашаган өлкөлөргө да таасир бере турган таасирдүү шайлоо болду. Биринчи жолу жаңы Конституциянын негизинде президенттик башкарууну да ушул эле шайлоо менен баштап алып кете турган өлкө башчы шайланды. Аны менен катар эле, парламенттин да мындан аркы ролу, функциясы да бир топ өзгөрдү. Негизи партиялардын шайланышы да таң калтырган натыйжалар менен коштолду.

Президенттик шайлоонун процесси жөнүндө айта турган болсок, эл аралык эксперттер да, ички объективдүү түрдө байкоо салган байкоочулар да бул шайлоонун Түркия тарыхындагы болуп көрбөгөндөй күмөндүү окуялар менен коштолгонун айтып жатышат. Мисалы, шайлоо бюллетендеринин топтоп-топтоп салынып жаткандыгы боюнча жүздөгөн видеолор чыгып кетти. Процесс жүрүп жатканда да административдик ресурс катуу колдонулду.

Мамлекеттик теле каналда шайлоо процесси жыйынтыктала электе эле манипуляциялык ачыктоолор менен, тагыраагы Эрдоган эң жогорку балл алат дегендей берүүлөр көрсөтүлдү. Кээ бир алып баруучулардын биз уттук деген партиячыл мүнөздөгү сөздөрүнөн да байкалып турду. Ошону менен катар, коопсуздук органдары, бюрократтар бир мамлекеттик орган катары эмес, бир партиянын органы катары агрессиячыл мүнөздө мамиле кылышты деп айтылып жатат.

Марал: Оппозициячыл Республикалык — элдик партиясынын талапкери Мухаррем Инжени колдогондор да басымдуулук кылды. Бирок ал өтпөй калды, анын башкы кемчилиги эмнеде болду?

Искендер Ормон уулу: Оппозициядан үмүт бар эле, бирок аларга кысым болду окшойт.

Башка атаандаштарга караганда Эрдогандын эң башкы атаандашы Мухаррем Инже бүт электоратын таң калтырып өзүн аябай жакшы көрсөтүп келе жаткан. Үгүт процесстери да укмуш деңгээлде өткөн. Шайлоо болгондон кийин бюлеттендер салынган урналарга ээ чыгып, же болбосо Борбордук шайлоо комиссиясынын адилеттүү кадамга барышы үчүн аягына чейин туруп бере алган жок. Электораттарынын үмүтүн чындап эле үзүп койду деп айтылууда.

Мисалы, ал “…азыр бюллетендерди эсептөө процесси жүрүп жатат. Биз жакшы кетип бара жатабыз, экинчи турга калып калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Эртең мененкиге чейин эсептөөгө активдүү катышкыла. Так, даана протоколдорду түзүп, документтештирип, жыйынтыктын туура чыгышын талап кылгыла…деп жаткандан бир сааттан кийин эле Твиттер аркылуу билдирүү жасап, кыска эки сүйлөм менен “адилеттүү жарыш болду, бирок алар утту..” деп жазды. Бул бүгүнкү күнгө чейин эч көнүмүш болбогон кадам болду. Себеби талапкерлер атайын маалымат жыйынын уюштуруп, расмий түрдө билдирүү жасашат.

Ошол эле “Жакшы партиясынын” лидери Мерал Акшенерден да үмүттөр бар эле, бирок оппозициялык партиялар эмнегедир болуп көрбөгөндөй “көмүскөгө” кирип кетишти. Ачык билдирүү да жасашкан жок. Ошол себептен бир топ бүдөмүк ойлор жаралды.

Шайлоонун жыйынтыгы эки күн мурун жаңылыштык менен жарыяланып калган…

-Дагы бир кызык жагдай, шайлоонун бүгүнкү жыйынтыгындагы көрсөткүчтөрдү эки күн мурун Эрдоганчыл телеканалдардын бири жаңылыштык менен чыгарып алышкан экен. Азыркы ачыкталган жыйынтык, шайлоо боло электеги жарыяланган көрсөткүч менен бирме-бир окшош болуп жатат. Мында да натыйжа алдын ала даярдалганын көрсөтүп жатат.

Эми кандай болгон күндө да бул Түркиянын ички маселеси, элдин өзүнүн тандоосу. Ошол эле учурда шайлоонун жыйынтыгы канчалык сүйүнүчтүү көрүнсө дагы мындан аркы кадамдарга, өзгөчө экономикасына терс таасирин тийгизет.

Марал: Бул шайлоодон кийин Түркия президенттик башкарууга өтөт, ошондо министрликтер кыскартылып, парламенттин күчү азаябы?

Искендер Ормон уулу: Парламенттин күчү азаят

Парламенттик шайлоодо да депутаттардын саны азайды. Мисалы, мурун 300дөн ашуун депутат шайланчу, азыр 290дун айланасында депутатка ээ болгону айтылууда. Улуттук кыймыл партиясынан бөлүнүп чыккан “Жакшы партиясынын экөөндө 11-11ден депутат болуп жатканы да таң калычтуу көрүнүш.

Күрттөр колдогон Элдердин демократиялык партиясы – анын лидери түрмөдө. Ал өтсө Эрдоган баштаган партия көпчүлүк болбой калат. Көптөгөн депутаттар ошол жактан келет деп айтылып жаткан. Мында да алар босогону өтүштү, алар да 50гө жакын депутат чыгарганы турат. Ошону менен парламенттин мындан аркы күчү азаят. Ошондуктан күрт элинин Түркиядан психологиялык түрдө үмүтсүздөнүп, биротоло бөлүнүп кетишине тоскоол болуу үчүн босого баллдан өткөрүштү деген анализдер болууда. Жалпылап айтканда, бул шайлоо ар түрдүү күмөндүү ойлордун коштоосунда жыйынтыкталды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache