Биз менен байланышыңыз

Турускулов: 8 айда өлкөгө мигранттардан 1 млрд 844 млн доллар которулду

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 466 | 0

2017-жылы мигранттардан 2 млрд 83 млн АКШ доллары которулса, 2018-жылдын 8 айынын жыйынтыгында 1 млрд 844 млн АКШ доллары келип түшкөн. Бул тууралуу “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов фракциянын жыйынында билдирди.

Талкууда фракция мүчөлөрү эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо жана колдоо боюнча пикирлерин айтышты.

Мындан сырткары Кыргызстанга иштегени келген чет элдик жарандардын саны өсүп жаткандыгы жана алардын улуттук мыйзамдарды бузуп, жоопкерчиликке тартылышы белгиленди. 2017-жылы Кыргызстанга келген чет элдик мигранттардын саны 274 миң 700 адам болсо, 2018-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 380 миң адамды түзгөн.

Эл өкүлдөрү Орусиядагы мекендештерди “кара тизмеден” чыгаруу боюнча аткаруу бийлигинин ишин начар деп баалашты. Фракция депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов учурда миграция чөйрөсүндө аракеттеги мыйзамдарга анализ жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлгөндүгүн маалымдады.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда расмий түрдө Кыргызстандын 750 миңден ашуун жараны эмгек миграциясын жүрөт. Алардын 80%ы Орусияда, 10%ы Казакстанда жана 10%ы башка өлкөлөрдө.

Чет өлкөлөргө кеткен мекендештердин 75%ы Баткен облусунан, 27%ы Жалал-Абаддан, 1,5%ы Чүй жана Нарын облустары менен Бишкек шаарынан болушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM