Шашылыш кабар:

Кайсы кесипке суроо-талап жогору?

Июнь 25th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Кайсы кесипке суроо-талап жогору?
Билим жана Маданият
0

9-июльдан тартып абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына жараша Жогорку окуу жайларга талон ташташат. Жылда абитуриенттин башын «кесипти туура тандоо керекпи же мүмкүнүчүмө жараша кесип менен кете берсемби?» деген суроо ээлеп турат. Ошондуктан адистер кандай болгон күндө да  жашоодогу эң негизги кадамды туура таштоого чакырышат. Анткени статус, абройго жараша тандалган туура эмес кесип убакытты жоготууга алып келет. Анда бүгүнкү күндө жогорку окуу жайга тапшырып, жогорку билим алуу ыңгайлуубу же кесиптик лицейди бүткөрүү шартка ылайыкпы? деген суроого адистердин пикирин угуп көрдүк.


Ар бир абитуриент азыркы учурда “кайсы кесипти тандасам?” деген маанилүү суроону коюп, чоң чечимдин алдында турат. Анткени кесипти тандап, билим алган учурда да андан кийин жумуш менен камсыз болуу маселеси бар. Ошондуктан, адистер бул багытта суроо-талапка жараша кесип тандоо сунушун берип келишет. Мисалы, Гамзат Ташматов азыркы учурда экинчи алган кесиптик билими менен оокат кылат. Биринчи билими банк иштерине байланыштуу. Бирок келишимдик негизде акча төлөп окуган кесиби өзүнүн көңүлүнө да, чөнтөгүнө да жаккан эмес. Андан кийин кесиптик окуу жайга тапшырып, учурда ширеткич болуп иштейт.

-Кыска мөөнөткө кесиптик билим алуу жакшы деп ойлойм. Негизи менин биринчи билимим финансист. Банкка барып иштейин десең айлыгы 6 миң сом. Мени менен чогуу бүткөн тайпалаштарымдын 4-5и эле өзүнүн кесиби менен иштеди. Ал эми азыркы жумушумда айына минималдуу түрдө 25 миң сом тапсам болот.  Албетте бардык эле жогорку окуу жайлар иштесе болот деп кызыктырат, бирок чындыгына келгенде канча киши жумушсуз жүрөт.

Ал эми Нурсултан быйыл кесиптик окуу жайды аяктайт. Окуп жаткан учурда эле иштин көзүн билип, жакшы өздөштүргөнүн айтат. Чындыгында башында убакытты үнөмдөө үчүн тапшырса да, азыр өкүнбөйт.

Чындыгында башында атамдын кеңеши менен тапшырып калганмын. Анткени жашым 23тө болчу. Мектепти аяктагандан кийин окубай калдым. Бирок эми кесиптик окуу жайды аяктаганы турам.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча кесиптик билим берүүгө кызыктар болгон жаштардын саны жылдан-жылга көбөйүп келет. Маселен өткөн жылы бюджеттик негизде 16 миңден ашык абитуриент кабыл алынса, быйылкы план 17 миңди максат кылат. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкуловдун айтымында бул окуу жайды бүтүргөндөр 80% жумуш менен камсыз болот, ал эми 15%га жакыны мигрант катары коңшу мамлекеттен жумуш таап иштеп келишет.

-Өткөн жылы 16,5 миң студент бюджеттин эсебинен окуду. Ал эми быйылкы максат 17 миңден ашыруу. Кыска мөөнөттүү келишимдик окууларга тапшыргандар болсо быйыл 14 миңди ашты. Белгилеп кетүүчү жагдай келишимдик негизде кыска мөөнөткө 5-6 ай окугандар да жылдан-жылга көбөйүүдө.

Быйыл өлкө аймагы боюнча 60 миңдей бүтүрүүчү мектепти аяктады. Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын 43%га жакыны босого баллга, тагыраагы, 110го жетпей калган. Алар эми Жогорку окуу жайга тапшыра алышпайт. Бирок, билим берүү тармагы боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров азыркы учурда мыкты кесиптин ээси болуу үчүн сөзсүз түрдө Жогорку окуу жайды бүткөрүү маанилүү эмес дейт. Ар бир киши өзүнүн жөндөмүнө, мүмкүнчүлүгүнө жараша кесипти тандаса, туура багыт алган болот деп, төмөндөгүдөй кеңешин берет.

Негизгиси жан дүйнөңөрдү уккула. Азыр эми 43%га жакын бүтүрүүчү босого баллдан өтпөй калды. Ага эч чөкпөгүлө. Ал менен баары бүттү дегенди түшүндүрбөйт. Мыкты кесиптин ээси болуш үчүн сөзсүз жогорку окуу жайды бүтүрүү шарт эмес. Болгону кесибин сүйгөн жана мыкты билген болуш керек.

Эксперттердин иликтөөсү боюнча учурда Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагында жумушка орношуу оңой. Алардын катарында тейлө тармагы туризм да бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache