Шашылыш кабар:

“Карышкыр” баңгизат менен кармалды

Июнь 25th, 2018 | by Талгат Мураталиев
“Карышкыр” баңгизат менен кармалды
Кыска кабар
0

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү кызматы ыкчам иликтөө ишинин натыйжасында “Карышкыр” каймана аты менен белгилүү болгон Мырсалым Умырзаковду кармашты. Ал жакында эле Орусиядан депортацияланган. Умырзаковдун жанынан 25 грамм баңгизаты жана беткаптар табылган.

Эске салсак, Умырзаков Мырсалым (“Карышкыр”) 1975-жылы Түп районунда туулуп, өскөн. Уюшкан кылмыштуу топтордун биринде активдүү мүчө катары милициянын каттоосунда турат. Июнь айынын башында Орусиядан кылмыш жаза мөөнөтүн аяктап алып келинген. Буга чейин үч жолу эркинен ажыратылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache