Биз менен байланышыңыз

НАТО Азов деңизине аскер кемелерин жөнөтпөйт

Дүйнө | 1 Дек 2018 | 590 | 0

Украин президенти Петро Порошенко бейшембиде НАТОдон өлкөсүн коргоого жардам иретинде Азов деңизине аскердик кемелерди жөнөтүүнү суранган. Бирок Европа лидерлери жана НАТО Порошенконун коопсуздук чараларын күчөтүү чакырыгына салкын мамиле жасашты. Бул тууралуу centralasian.org жазды.

Маалыматка ылайык, НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску биримдиктин Кара деңизде жетиштүү өлчөмдө аскерлери бар экенин жана Азов деңизине аскер кемелери жөнөтүлбөй турганын айткан.

Альянстын кемелери Кара деңизде ырааттуу түрдө машыгууларды өткөрүп келет. Бул жылы кемелер аталган аймакта 120 күн болушкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 40 күнгө көп.

Оана Лунгеску НАТОго мүчө болгон бир нече өлкө аймактагы аба мейкиндигинде да чалгындоо иштерин жүргүзүшкөнүн белгиледи.

Германия канцлери Ангела Меркель Порошенконун чакырыгына жооп иретинде көйгөйдү аскерий эмес сүйлөшүү жолу менен гана чечүү мүмкүн экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM