Шашылыш кабар:

УКМК: Атамбаевге жер сатылган

Июнь 25th, 2018 | by Талгат Мураталиев
УКМК: Атамбаевге жер сатылган
Кыска кабар
0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында комитетке тиешелүү жери болгонун тастыктады. Атамбаев президент учурунда аны кайтарыш үчүн ал жер УКМКнын 9-кызматына берилип, бирок кийин сатылган. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, жерлер 1980-жылдары дача иретинде УКМКга берилген. Ал участоктор 2011-жылы УКМКныкы экени документтештирилген. 2017-жылы май айында президентти кайтаруу максатында 9-кызматына кайтарылып берилген. Андан кийин ал жер эч кимге керексиз болуп калгандан кийин жеке жактарга сатылган.

УКМКнын өкүлү мекемеге тийиштүү жер Атамбаев президент болбой калгандан кийин сатылганын кошумчалады.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылынан 2 гектардан ашык жер сатып алып үй салышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache