Шашылыш кабар:

Чыңгыз Анарбек уулунун эжеси өкмөт мүчөлөрү менен жолугууну өтүндү

Июнь 25th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Чыңгыз Анарбек уулунун эжеси өкмөт мүчөлөрү менен жолугууну өтүндү
Кыска кабар
0

Москва шаарында такси кызматын аркалап жүрүп кырсыкка кабылган Чыңгыз Анарбек уулунун эжеси Манапбаева Замира Москва шаарынан Бишкекке келди. Ал «Замандаш» партиясынын жетекчилиги менен жолугуп, өкмөткө жолугуу маселесин талкуулашты.

Буга чейин өкмөт тарабынан кырсыкта жабыркагандарды Ысык-Көлдө ден-соолуктарын калыбына келтирүү маселеси көтөрүлгөн. Ушуга байланыштуу, Чыңгыз Анарбек уулунун бир туугандары өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп ушул маселени талкулоону көздөшүүдө.

Эске салсак, 16-июнда Москвада такси айдаган Чыңгыз Анарбек уулу автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп алган. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, эки айга камакка алынган. Мындай чечимди Орусиянын баш калаасынын Таган райондук соту кабыл алган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache