Шашылыш кабар:

Чотаев: Диний уюмдар жарандык коомдун бир бөлүгү

Чотаев: Диний уюмдар жарандык коомдун бир бөлүгү
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку чыгарылышында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун биринчи орун басары Закир Чотаев менен Кыргызстандагы дин уюмдарынын өз ара кызматташуу принциптери тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Чотаев:

4 миң 257 диний уюм каттоодон өткөн….

Өлкөдө динге тиешелүү кырдаалдарга байланышкан суроолор стабилдүү, дин уюмдары менен иштер жүрүп жатат. Диний чөйрөнү колго алууда диний уюмдар менен иштешүүнүн түрдүү аспектилери бар. Радикализм жана экстремизм боюнча эскертүүлөр берилүүдө. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда 4 миң 257 диний уюм каттоодо турат. Ислам дини боюнча 2 миң 200, 400гө жакын християн, ошондой эле иудаисттик жана буддисттик коомдор бар. Булардын ортосунда эки тараптуу мамиле болуп жатканы менен мамлекеттик органдар, коомдук уюмдардын ортосунда айрым маселелер жок эмес. Бүгүнкү күндө диний уюмдардын коомдук турмушка болгон таасири түрдүү иликтөөлөр үчүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Жарандар, айрым диний ишмерлер динди жөнгө салуунун укуктук аспектилерин толук түшүнө бербейт. Албетте, Конституциянын негизинде жөнгө салыныт. Баш мыйзамда Кыргызстан динден сырт мамлекет экени так жазылган. Бул дин мамлекеттен толугу менен бөлүнгөн дегенди түшүндүрөт. Демек, диний ишмерлер мамлекетти башкарууга кийлигишпеши керек. Бирок мамлекет кабыл алынган мыйзамдык актылар менен диний уюмдарды көзөмөлдөп турат. Бул мамлекет диний уюмдарга такыр кийлигишпейт дегенге жатпайт. Дин тутуу эркиндиги берилип, ар бир диний уюмга бирдей мамиле жасалат.

Диний ишмердүүлүк мыйзамдан сырт болбошу керек…

Эгер бир диний уюм мыйзамдарды буза турган болсо, мамлекет адмнистративдик чараларды колонот. Бул укукту жана тартипти орнотуу максаттында мамлекеттин кийигилишүүсү катары бааланышы мүмкүн. Динден сырт мамлекеттин принциптеринин бири дин кармануу эркиндигин камсыздоо экенин көпчүлүк түшүнө бербейт. Бирок бир жарандын укугу жана эркиндиги башка адамдын укугу жана эркиндиги менен чектелет. Бул жерде диний уюмдар мыйзамдын негизинде иш кылса эркин болушат. Алар башка жарандардын укугун жана эркиндигин бузбашы керек. башка өлкөлөргө салыштырмалуу бул нерсе (эркиндик) эркин иштеп жатат, бирок диний ишмердүүлүк мыйзамдан сырт болбошу керек. Ошондо гана эркин болушат. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү” мыйзамдын эки аспектиси бар. Биринчиси, динден сырт мамлекетке тийешелүү болсо, экинчиси дин тутуу эркиндигин камсыз кылат. Бул жерде мамлекет динди мамлекеттик башкарууга аралаштырбоого, диний уюмдарга бирдей мамиле кылууга маани берет.

Диний уюмдар жарандык коомдун бир бөлүгү болот…

Диний уюмдарга чет өлкөнүн жарандары да мүчө боло алат. Бирок диний ишмердүүлүк жүргүзгөн чет элдик жарандар үчүн өзүнчө берене бар. Диний уюмдар жарандык коомдун бир бөлүгү болот. Алар мамлекеттик уюм болбосо да өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Диний ишмердүүлүктү мамлекеттик эмес уюмдар жүргүзөт. Диний уюмдар Дин комиссиясынан атайын каттоодон өтүшү зарыл. Болбосо диний ишмердүүлүк жүргүзө албайт. Бир четинен ал НПОлордун катарын толуктап, Юстиция министрлиги тарабынан каттоодо турбашы да мүмкүн. Чет элдик элдердин диний ишмердүүлүгү чет өлкөнүн динин жайылтуу максатында кабыл алынат. Бул жерде өзүнчө регламент бар. Алардан ишмердик багыты боюнча өлкөсүнөн атайын документ талап кылынат. Башка диний уюмдар сыяктуу эле биздин коммиссиядан же дин боюнча жооптуу органдан каттоодон өтөт. Андан соң гана ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна ээ болушат. Эгер каттоодо турбай ишмердүүлук жүргүзсө мыйзамсыз диний уюм аталып, адмнистративдик жаза колдонулат. Уюмдар уставына өзгөртүүлөрдү киргизсе кайра каттоодон өтүшү зарыл.

Динй уюмдар уставына өзгөртүүлөрдү киргизсе кайра каттоодон өтүшү зарыл…

Эгер уставды өзгөртүп бирок каттоодон өтпөй ишмердүүлүк жүргүзүп жүрө берчү болсо анда мыйзам бузуу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө административдик жаза 200-500 сомдун көлөмүн түзөт. Ал соттун чечими менен аныкталат. Мыйзам бузуу аныкталса 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Бул диний уюмга мүчө болбой, туура эмес жерде ишмердүүлк жүргүзгөн жарандарга да каралган.  Диний уюм мыйзам бузса ага жазуу түрүндө эскертүү берилет, соттун чечими менен ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чечим кабыл алынышы мүмкүн. Мыйзамды бузган диний уюмдар ишмердүүлүгүн токтоткон учурлар болгон. Бардык мыйзам бузуулар каттоого алынып, маалыматтар тийиштүү органга жиберилет. Укук коргоо органдары дагы өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Диний уюмдар кандай ишмердүүлүк жүргүзүүнү жакшы түшүнүп калышты.

Динди үгүт иштерине пайдаланууга тыюу салынган…

Эч бир диний кызматкер динди колдонуп саясий партияга, кайсы бир талапкерге үгүттөөгө тыюу салынат. Бул боюнча Дин комиссиясы тарабынан эскертүүлөр берилген. Эгер кызматкер диний ишмердүүлүгүн токтотуп, жаран катары, динди колдонбой үгүт иштерин жүргүзсө болот. Динди үгүт иштерине пайдалануу мамлекеттин саясатына терс келет. Биздин мыйзамдарда жазалар так аныкталып көрсөтүлгөн эмес. 2019-жылдан тарта жаңысы күчүнө кирет. Конституция диний баалуулуктардын негизинде партия түзүүгө тыюу салган. Эгер партия дин кызматкерлерин үгүт иштерине пайдаланса, анда партия бир диндин идеологиясын колдоп калат. Бул динден сырт мамлекеттүүлүккө каршы келет. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, дин кыйыр түрдө болсо да бийликке аралашып жатат. Биз бул жерде партиялар менен диний уюмдардын ишмердүүлүгүн так аныктап коюшубуз абзел. Алсак, башка өлкөлөрдө диндинкайсыл бир багытына ыктаган партиялар болгону менен анын ишмердүүлүгү светтик болуп эсептелет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache