Шашылыш кабар:

Баткенде депутат героин менен кармалды

Июнь 25th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Баткенде депутат героин менен кармалды
Кыска кабар
0

Ички иштер министрлигинин маңзаттардын мыйзамсыз айлануусу боюнча кызматы чоң көлөмдөгү наркотикалык заттарды аткезчилик менен ташуу жолдорун жана ага тиешелүү адамдарды аныктоо үчүн атайын операция жүргүздү. Натыйжада шаардык кеңештин депутаты маңзаттардын мыйзамсыз ташылып келүүсүнө тиешеси бар деп кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-июнда Баткен облусунун Исфана шаарында өткөн ыкчам иликтөө иш-чаранын натыйжасында 1963-жылы туулган У.М атту жаран кармалды. Кармалган жаран учурда шаардык кеңештин депутаты экени аныкталып, ага карата кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси негизинде кылмыш иши козголду.

Депутаттын үйүндө санкциялык тинтүү учурунда көмүр сакталган жерден 960 граммдык героин табылган. Бул окуя боюнча атайын экспертиза түзүлүп, тергөө иштери уланууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache