Шашылыш кабар:

Жээнбеков Эрдоганды жеңиши менен куттуктады

Июнь 25th, 2018 | by Бахар Хакимова
Жээнбеков Эрдоганды жеңиши менен куттуктады
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Режеп Тайып Эрдоганды Түркиянын президенти болуп кайрадан шайланышы, ошондой эле  “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Шайлоонун жыйынтыктары сиз багыттаган реформаларга жана жасап жаткан иштериңизге түрк элинин көрсөткөн чоң ишеничин айгинелейт. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кылым карыткан достук жана өз ара стратегиялык байланыштар сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектебиз” – деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Жээнбеков ошондой эле, Эрдогандын сентябрь айында Кыргызстанга жасай турчу расмий сапарын жана анын алкагында Түрк кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусун күтүп жатканын билдирди.

Эске салсак, бүгүн 25-июнда Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Режеп Тайип Эрдоган 52,50 пайыз добуш алуу менен жеңишке жеткенин жарыялады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache